Түрк аба жолдору Түркстанга каттамдарын баштайт

Келечекте Түркстандан Кыргызстандын баш калаасы Бишкекке жана Өзбекстандын борбору Ташкентке үзгүлтүксүз каттамдардын жүргүзүлдүшү максатталганы белгиленди.

1614448
Түрк аба жолдору Түркстанга каттамдарын баштайт

 

Түрк аба жолдору (THY) 3-майдан тарта Казакстандын Түркстан шаарына түз каттамды баштоону пландап жатат.

Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги жасаган билдирүүдө THYнин учуулары Стамбул-Түркстан багытында жумасына үч жолу жүргүзүлөрү белгиленди.

«2021-жылдын 3-майынан тарта Түрк аба жолдору B-737 учактары менен түрк дүйнөсүнүн руханий борбору болгон Түркстан шаарынан Стамбулга үзгүлтүксүз каттамдарды баштоону пландаштырууда»,делген билдирүүдө келечекте Түркстандан Кыргызстандын баш калаасы Бишкекке жана Өзбекстандын борбору Ташкентке үзгүлтүксүз каттамдардын жүргүзүлдүшү максатталганы белгиленди.

Декабрь айында пайдаланууга берилген Түркстан Эл аралык аэропортунан Казакстандын Fly Arystan компаниясы 21-мартта Түркстан-Стамбул каттамы боюнча учуп баштаганын жарыялаган.

31-мартта Түрк Кеңешинин бейформал саммитинде айтылган билдирүүдө Түркстан Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору деп жарыяланган.



Тектеш кабарлар