Түрк мамлекеттеринин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы Хатайда белгиленди

Хатай шаарында Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган ТҮРКСОЙдун Хатай шаарынын Мэриясы менен биргеликте уюштурган сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болду.

1614211
Түрк мамлекеттеринин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы Хатайда белгиленди
Türk Cumhuriyetleri Bağımsızlığının 30.Yıldönümü Hatay 2.jpg
Türk Cumhuriyetleri Bağımsızlığının 30.Yıldönümü Hatay 1.jpg
Türk Cumhuriyetleri Bağımsızlığının 30.Yıldönümü Hatay 3.jpg

2021-жылдын 2-апрелинде Хатай шаарында Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) Хатай шаарынын Мэриясы менен биргеликте уюштурган сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Элчи Кубанычбек Өмүралиев, Хатай провинциясынын Губернатору Рахми Доган, Хатай шаарынын Мэри Лүтфү Саваш, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Дүйсен Касеинов, ошондой эле Азербайжандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын Элчилери катышты.

Сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Элчи Кубанычбек Өмүралиев мындан 30 жыл мурун СССРдин курамындагы азыркы түрк мамлекеттеринин көп кылымдык тарыхында жаңы барак ачылганын жана алардын жарыяланган көз карандысыздыгы аталган мамлекеттердин ортосундагы мамилелердин мындан ары чыңдалышына өбөлгө болуп бергенин белгиледи.

Ошол эле күнү Хатай шаарында ТҮРКСОЙ паркынын ачылыш аземи болуп, анда түрк тилдүү элдердин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн рельефтик портреттери менен алар тууралуу маалымат такталары орнотулган. Алардын катарында Ч.Айтматов бар.

Парктын ачылышынына арналган иш-чаранын жүрүшүндө Элчи Кубанычбек Өмүралиев сөз сүйлөп, анда мындай иш-чаралар өлкөлөрдүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө болоорун, ошол эле учурда ал Ч.Айтматовдун рельефтик портретин паркка жайгаштыруу символикалык мааниге ээ экендигин, анткени ал бүткүл түрк дүйнөсүнүн руханий байлыгы экендигин баса белгиледи.

Иш-чаранын алкагында Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин Хатай провинциясынын Губернатору Рахми Доган жана шаардын Мэри Лүтфү Саваш менен өзүнчө жолугушуулары болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Кубанычбек Өмүралиев региондорду жана эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү алкагында, Хатай шаары менен Кыргызстандын шаарларынын биринин ортосунда боордоштук мамилелерин түзүү зарылдыгын белгилеп, Кыргызстандын Хатай ЭКСПО 2021’ге катышуу маселесин талкуулашты.

Булак: КРнын Түркиядагы Элчилиги

 



Тектеш кабарлар