Жапаров: «Түрк Кеңешин Түрк мамлекеттеринин уюму деп аталышын өзгөртүүнү колдойм»

Президент Садыр Жапаров,Түрк кеңеши дүйнө коомчулугу тааныган, түрк интеграциясынын эң башкы, кадыр-барктуу платформасына айланганын айтты.

1612452
Жапаров: «Түрк Кеңешин Түрк мамлекеттеринин уюму деп аталышын өзгөртүүнү колдойм»
Sadır Caparov-Türk Konseyi 1 .jpg
Sadır Caparov-Türk Konseyi 2 .jpg
Sadır Caparov-Türk Konseyi 3 .jpg
Erdogan Türk Konseyi.jpeg
İlham Aliyev.jpg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Кыргызстандын Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин (Түрк Кеңеши) Түрк мамлекеттеринин уюму деп аталышын өзгөртүүнү колдой тургандыгын билдирди.

Садыр Жапаров, Түрк кеңешинин расмий эмес саммитиндеги онлайн сөзүндө түрк элдеринин интеграциялык процесстерин бекемдөөчү жана тездетүүчү бир катар факторлорго көңүл бурду.

Түрк Кеңешинин көп кырдуу ишмердүүлүгүн жана анын эл аралык аренада ээлеген орду менен кадыр-баркын белгилеген Жапаров: «Кыргызстан Түрк Кеңешинин атын Түрк мамлекеттеринин уюму деп атоону колдойт»,-деди.  Жапаров: «Кеңеш Түрк мамлекеттеринин уюмуна айланышы аяктагандан кийин уюмдун эл аралык аренада позициясын бекемдөөгө оң таасирин тийгизет. Мындай позиция уюмдун ишмердүүлүгүнүн кеңейишине түрткү берет жана башка өлкөлөрдүн уюмга мүчө болушун же байкоочу статусун издөөсүн камсыздайт»,-деп баасын берди.

Түрк дүйнөсүнүн инвестициялык фондун түзүү идеясын да колдой тургандыктарын жана анын баш кеңсесин Бишкекте ачууга даяр экендиктерин белгилеген Жапаров, транспорт жана туризм тармагын түрк дүйнөсүнүн кызматташтыгынын негизги тармактарынын бири деп эсептээрин айтты.

 



Тектеш кабарлар