Татар: «Аралдагы жалгыз суверендүүлүк элементи рум үстөмдүгүнө жол ачат»

Кипрдеги Түрк агенттигинде (TAK) жарыяланган кабарга караганда, Президент Эрсин Татар жарандык коом уюмдары менен болгон онлайн жолугушууда Кипр көйгөйү жана күн тартибине баа берди.

1610505
Татар: «Аралдагы жалгыз суверендүүлүк элементи рум үстөмдүгүнө жол ачат»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (Түндүк Кипр) президенти Эрсин Татар, федерацияга негизделген келишимде каралган жалгыз суверендүүлүк элементинин рум үстөмдүгүнүн Түндүккө жайылышына жол ачарын айтты.

Кипрдеги Түрк агенттигинде (TAK) жарыяланган кабарга караганда, Татар жарандык коом уюмдары менен болгон онлайн жолугушууда Кипр көйгөйү жана күн тартибине баа берди.

Татар, кипрлик түрктөрдүн аралда эгемендүү эл катары эң аз дегенде румдардай эле сөз ээси экендигин баса белгилеп, апрель айында Швейцариянын Женева шаарында боло турган расмий эмес жолугушууга даярдыктар кызуу уланып жаткандыгын белгиледи.

Жолугушууда эки мамлекеттин ортосунда сүйлөшүлө турган чечимдин тарыхый кадам болорун белгилеген Татар, «өз тагдырын өзү аныктоо» укугу Кипр түрктөрүнүн эгемендигинен келип чыккан укук экендигин баса белгилеп, федерацияга негизделген келишимде каралган жалгыз суверендүүлүк элементинин рум үстөмдүгүнүн Түндүккө жайылышына жол ачарын айтты.

Татар, аралда эгемен теңдикке таянган, жанаша жашаган эки мамлекеттин кызматташтыгынын керектүүлүгүнө көңүл буруп, эгемендүүлүктүн калктын санына индекстелген фактор эместигин,  бирдей эгемендүүлүктүн жана Түркиянын кепилдигинин, Кипр түрктөрүнүн бар болушуна кепилдик бергенин билдирди.

Чыгыш Жер Ортолук деңизинде болуп жаткан окуялардын, Түркиянын аймактагы лидерлик абалынын жана колдоосунун ТКТРнын аймактагы статусун көтөргөндүгүн белгилеген Татар, жасала турган иштери менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын бардык тармактарында күндөн-күнгө өнүгүү боло турганына ишенерин билдирди.

Татар, Кипр түрктөрүнө карата жасалган адилетсиз эмбарго жана обочолонтуунун кабыл алынгыс экендигин белгилеп, изоляцияларды жоюу үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн баса белгиледи.

Мараш демилгесинин көнүмүш тартипти бузгандыгын баса белгилеген Татар, бул маанилүү кадам менен федералдык негиздеги элдешүү модели жана рум тараптын Мараштын кайтарылышы боюнча күтүүсүн жойгондугун айтты.

Татар, Марашта кыймылсыз мүлктөрү болгон румдардын, Кыймылсыз мүлк комиссиясы аркылуу кайрыла ала тургандыгын белгилеп, аймактын бренд баалуулугу менен тартуу борбору болоорун жана жаңы түрдөгү коронавирус эпидемиясына карабастан эмитеден келгендердин саны 100 миңден ашканын кошумчалады.



Тектеш кабарлар