Азербайжан аскерине альпинизмге даярдануу билими берилди
Бул тууралуу маалымат Улуттук коргоо министрлигинин (УКМ) Твиттердеги эсебинде орун алды.
1609935
Азербайжан армиясынын кызматкерлерине Ыспартадагы Тоо десанттыгы окуу жайы жана билим берүү борборунун командирлиги тарабынан альпинизмге даярдануу билими берилди.
Түркиянын Улуттук коргоо министрлигинин (УКМ) Твиттердеги эсебинде, «Баатыр Азербайжан армиясынын мүчөлөрү, бир туугандарыбызга Ыспартадагы Тоо десанттыгы окуу жайы жана билим берүү борборунун командирлиги тарабынан «Альпинизмге даярдануу» билими берилди»,деген сөздөр камтылган.
Бөлүшүүдө билим берүүнүн фотосүрөттөрү бөлүшүлдү.