Түркстандан алгачкы эл аралык каттам Стамбулга жасалды

Бул маршруттагы каттамдардын саны биринчи этапта жумасына 2, кийинки мезгилдерде жумасына 7 деп пландаштырылган.

1605487
Түркстандан алгачкы эл аралык  каттам Стамбулга жасалды

Казакстандын Түркстан шаарынан алгачкы эл аралык каттам Түркияга жасалды.

Казакстандын Жарандык авиация комитетинин билдирүүсүнө ылайык, Түркстан эл аралык аэропортунан Стамбул багыты боюнча биринчи эл аралык каттам 176 жүргүнчүсү менен Fly Arystan Airline компаниясынын «А-320» тибиндеги учагы менен жасалган.

Бул маршруттагы каттамдардын саны биринчи этапта жумасына 2, кийинки мезгилдерде жумасына 7 деп пландаштырылган.



Тектеш кабарлар