Самаркандда Түркиянын Башкы консулдугу ачылды

Чавушоглу: «Өзбекстанды биринчи тааныган өлкө Түркия Республикасы болгон жана ошондой эле биз Өзбекстанда биринчи элчилик ачкан өлкөбүз»,-деди.

1596681
Самаркандда Түркиянын Башкы консулдугу ачылды

Самаркандда Түркиянын Башкы консулдугу ачылды.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Өзбекстандагы расмий иш сапарынын алкагында Өзбекстандын туризм боюнча жооптуу вице-премьер-министри Азиз Абдулхакимов, тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Түркиянын Ташкенттеги элчиси Олган Бекар жана Түркиянын Самарканддагы Башкы консулу Салих Жанердин катышуусунда уюштурулган Түркиянын Самарканд Башкы консулдугунун ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Самарканддагы Башкы консулдук Түркиянын ата-журту болгон Өзбекстан менен туруктуу туугандыктын символу боло турганын белгилеген Чавушоглу, Башкы консулдуктун ачылышын өткөн жылы президент Режеп Таййип Эрдоган жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев биргеликте жарыялашкандыгын эске салды.

Чавушоглу: «Өзбекстанды биринчи тааныган өлкө Түркия Республикасы болгон жана ошондой эле биз Өзбекстанда биринчи элчилик ачкан өлкөбүз»,-деди.

Самаркандда биринчи консулдук ачууну чечкен өлкө Түркия болгонун, бирок бир тууган Казакстандын да бир аз убакыт мурун Самаркандда консулдугу ачылганын белгилеген Чавушоглу: «Албетте, Өзбекстанда ар бир миссиябыз маанилүү, бирок бул миссиянын биздин цивилизациянын байыркы шаары Самаркандда ачылышы абдан маанилүү»,-деп баасын берди.

Кыска убакыттын ичинде ачылыш аземин даярдаган Самарканддагы башкы консул Жанер Салихке ыраазычылыгын билдирген Чавушоглу, жакында Түркиянын элчиси болуп Олган Бекардын дайындалышы Түркиянын Өзбекстан менен болгон мамилеге маани берээрин көрсөткөнүн айтты.

Чавушоглу:  «Самарканддагы Башкы консулдугубуз ушул жерде жашаган жарандарыбызга жана бардык өзбек боордошторубузга кызмат кылат деп ишенем»,-деди. Ошондой эле Өзбекстанда «Аял жана кыздар күнү» деп аталган 8-март Эл аралык аялдар күнү менен куттуктады.



Тектеш кабарлар