Садыр Жапаров менен Касым-Жоомарт Токаев Нур-Султанда жолугушту

Президент Садыр Жапаров менен Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду

1593287
Садыр Жапаров менен Касым-Жоомарт Токаев Нур-Султанда жолугушту
Sadır Caparov-Kasım Comart Tokayev 1.jpg
sadır Caparov-Kasım Comart Tokayev 2.jpg
sadır Caparov-Kasım Comart Tokayev 4.jpg
sadır Caparov-Kasım Comart Tokayev 5.jpg
sadır Caparov-Kasım Comart Tokayev 6.jpg
sadır Caparov-Kasım Comart Tokayev 7.jpg
sadır Caparov-Kasım Comart Tokayev 8.jpg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, мамлекеттик иш сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.

Нур-Султан шаарындагы Президенттин «Ак ордо» сарайында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду.

Мамлекет башчылары учурашкандан кийин Республикалык гвардиянын оркестри Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндерин аткарды.

Ардактуу кароолдун башчысынын рапортунан соң мамлекет башчылары Казакстан Республикасынын мамлекеттик туусуна келип, мамлекеттик символго башын ийишти.

«Ак ордонун» фойесинде Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев сүрөткө түшүп, андан кийин мамлекет башчылары тар чөйрөдөгү сүйлөшүүгө киришти.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле биргелешкен өз ара алаканын мындан аркы келечеги талкууланды.

Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду Мамлекет башчысы кызматына шайланышы менен дагы бир жолу куттуктады.

Касым-Жомарт Токаев тараптар күн тартибиндеги эки тараптуу бир катар актуалдуу темаларды дыкат талкуулашканын, мындан аркы алакалардын негизги багыттарын аныкташканын, аймактык жана эл аралык түзүмдөрдүн алкагында диалогду бекемдөө боюнча пикир алышкандыгын айтып, тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын белгиледи.

Казакстандын Президенти өлкөлөр ортосунда өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга мүмкүн болбой турган маселе жок экендигин кошумчалады.

«Тескерисинче, биз өз ара аракеттенүүнүн ар кандай аспектилерин кароого ыкчам жана конструктивдүү мамиле жасоо ниетибизди билдирдик», — деп айтты Касым-Жомарт Токаев.

Ал Садыр Жапаров башында турган Кыргызстан бардык маселелерди чечүү жана мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу ниетин тастыктаганына канааттанганын билдирди.

Касым-Жомарт Токаев Казакстан дагы өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди ар тараптуу тереңдетүү багытында бекем турарына ишендирди. Ал кыргыз менен казактай жакын эл жок экендигин баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын делегациясынын атынан казак тараптын жылуу тосуп алгандыгына ыраазычылыгын билдирди.

Мамлекет башчысы болуп шайлангандан кийин, биринчилерден болуп Касым-Жомарт Токаевдин куттуктаганына токтолуп, боордош казак элинин колдоосу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экендигине айтты.

Президент Садыр Жапаров эгемендүүлүк жылдарында өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин бекем пайдубалы түптөлгөнүн жана кызматташуунун жогорку деңгээлине жетишилгенин — Казакстан жакынкы коңшу эле эмес, Кыргызстандын маанилүү стратегиялык өнөктөшү экендигин баса белгиледи.

Эки элдин кылымдарды карыткан биримдиги мындан ары да чыңдала берерине ишеним артып, конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин билдирди.

Садыр Жапаровдун белгилешинче, Кыргызстан эки элдин жыргалчылыгы үчүн Казакстан менен ар тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө багытталган тышкы саясатты мындан ары да жигердүү жүргүзөт.

Коронавирус пандемиясы маалында Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүүдө, биринчи кезекте, алардын башка мамлекеттерден өз Мекенине кайтып келүүсүнө көмөк көрсөтүү маселелеринде эки өлкө ортосунда конструктивдүү кызматташуунун оң тажрыйбасы калыптангандыгын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү сүйлөшүүлөр эки өлкө ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди өнүгүүнүн жаңы сапаттуу баскычына көтөрөрүнө, кыргыз-казак стратегиялык жана союздаштык мамилелери мындан дагы тереңдеп, кеңейе тургандыгына бекем ишенерин билдирди.

Булак; КРнын Президентинин сайты



Тектеш кабарлар