Түрк Кеңешинин энергетика министрлеринин жыйналышы өттү

Түрк Кеңешинин энергетика министрлеринин 1-жыйналышынан кийин берилген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жыйналыштын күн тартибиндеги маселелерди чечүү үчүн чакан жумушчу топторун түзүү боюнча Түркиянын демилгесинин колдоого алынгандыгы белгиленди.

1590339
Түрк Кеңешинин энергетика министрлеринин жыйналышы өттү

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (Түрк Кеңеши) энергетика министрлери энергетика жаатында кызматташууну арттыруу чечимин кабыл алышты.

Онлайн режиминде өткөрүлгөн Түрк Кеңешинин энергетика министрлеринин 1-жыйналышынан кийин берилген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жыйналыштын күн тартибиндеги маселелерди чечүү үчүн чакан жумушчу топторун түзүү боюнча Түркиянын демилгесинин колдоого алынгандыгы белгиленди.

Энергетика тармагындагы каржылоонун маанилүүлүгүн белгилеген билдирүүдө, эл аралык каржы институттары менен семинарларды уюштуруу идеясы талкуулангандыгы айтылды.

Билдирүүдө жаңылануучу энергия тармагында чоң тажрыйбага ээ Түркиянын мүчө мамлекеттер менен тажрыйбаларын бөлүшүү үчүн окуу программаларын уюштурууга даяр экендиги баса белгиленди.

Ошондой эле билдирүүдө тараптардын мунай-газ тармагындагы кызматташтыкты арттырууга даяр экендиктери белгиленсе, Казакстанга мунай-химия өнүмдөрүн бөлүштүрүү механизмин түзүү боюнча кеңири изилдөө сунушталганы маалымдалды.

Казакстан экинчи жолугушууну негизинен 2022-жылы өткөрүүгө макулдугун бергени айтылган билдирүүдө, тараптар энергетика жаатында кызматташтыкты арттыруу чечимин кабыл алгандыгы баса белгиленди.

Жолугушууга Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев, Түркиянын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, Азербайжандын энергетика министри Первиз Шахбазов, Казакстандын энергетика министри Нурлан Ногаев, Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Вероника Исаева, Өзбекстандын энергетика министрлигинин кеңешчиси Азиз Алимухаммедов, Венгриянын тышкы иштер жана соода министрлигинин энергетика жана климат боюнча жооптуу өкүлү Дора Зомбори катышты.



Тектеш кабарлар