Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, эки тарап тең кызыкдар болгон бардык маселелер боюнча биргелешип иш алып баруунун келечегин талкуулашты

1590201
Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Sadır Caparov-Vladimir Putin 2.jpg
sadır Caparov-Vladimir Putin 4.jpg
Sadır Caparov-Vladimir Putin 6.jpg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

 Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, эки тарап тең кызыкдар болгон бардык маселелер боюнча биргелешип иш алып баруунун келечегин талкуулашты.

 Россиянын Президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду көргөнүнө кубанычта экендигин айтып, коронавирус инфекциясы пандемиясы менен байланышкан оорчулуктарга жана чектөөлөргө карабастан, өзү менен жеке жолугушуп, баарлашканына канааттанганын билдирди.

Владимир Путин Садыр Жапаровду Кыргызстандын Президенти кызматына киришүүсү менен дагы бир жолу куттуктады.

«Биздин өлкөлөрдүн ортосунда жылуу жана тыгыз мамилелер гана эмес, союздаштык жана артыкчылыктуу багыттагы алакалар да түзүлдү. Россия Кыргызстандын соода-экономикалык байланышында биринчи орунду ээлегенине абдан кубанычтамын. Өлкөдөгү ички саясий кырдаалды жөнгө саласыз деп абдан үмүттөнөбүз», — деп белгиледи Россия Президенти.

Владимир Путин Садыр Жапаровдун иш сапарынын күн тартибинде көп маселелер каралганын, бардык деңгээлде көптөгөн иш-чаралар жана жолугушуулар пландаштырылганын, бул эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө пайда алып келерин кошумчалады. Ал ошондой эле пандемия менен күрөшүүдө Россия жардам бергенин белгилеп, Кыргызстандын инфекциянын жайылышына бөгөт коюу үчүн жасаган аракетине канааттанганын билдирди.

Владимир Путин ошондой эле эриш-аркак жылына карата пландаштырылган көптөгөн иш-чараларды пандемиянын айынан ишке ашыруу мүмкүн болбогонун айтып, эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуусу менен, алардын бардыгы, анын ичинде гуманитардык сектор дагы жанданарына ишенерин билдирди.

«Биз сиздер менен бардык багыттарда иштөөгө кубанычтабыз. Сиздин өлкө ичиндеги мерчемдеген иш-чараларыңыз, анын ичинде Башмыйзамга түзөтүү киргизүү республикадагы туруктуулукка, мамлекеттин ырааттуу өнүгүшүнө жана мамлекеттер аралык байланыштарыбыздын чыңдалышына өбөлгө болот деп ишенебиз», — деп айтты Россия Президенти.

Ошондой эле Владимир Путин Кыргызстанда орус тилинин расмий тил катары сакталышынын өтө маанилүү экендигин белгиледи.

Ал эми президент Садыр Жапаров анын Мамлекет башчысы катары чет өлкөгө болгон биринчи иш сапары Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу мамилелеринин жогорку деңгээлин далилдей тургандыгын баса белгиледи.

«Биз стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди бекемдөөнү улантуу ниетиндебиз», — деп айтты Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров өлкөдө саясий жактан кыйын болуп жаткан мезгилде Владимир Путиндин жеке колдоосуна ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Россия менен мурда жетишилген келишимдердин баарын сактоону улантарына ишендирди.

«Биз ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагындагы евразиялык интеграцияны мындан ары да тереңдетүүнү көздөйбүз. Бул өлкөнүн тышкы саясий курсунун артыкчылыгы»,-дейт ал.

Мындан сырткары, эл аралык коомчулук тарабынан тастыкталган россиялык вакцинанын натыйжалуулугун жана коопсуздугун баса белгилеп, Кыргызстанда вакцинациялоо өнөктүгү жакын арада башталаарына үмүт артарын билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстан Россия менен кызматташууга ар дайым даяр экенин айтып, Владимир Путинди Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Эки өлкөнүн башчылары мамлекеттер аралык диалогдун жогорку деңгээлин ырасташып, саясий, аскердик-техникалык, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн өз ара колдоого даяр экендигин баса белгилешти.

 

Булак; КРнын Президентинин сайты

 



Тектеш кабарлар