Алиев Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады

Алиев Эрдоганга куттуктоо жолдоду.

1590468
Алиев Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады

Азербайжандын президенти Илхам Алиев президент Режеп Таййип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады.

Азербайжандын Президенттик аппаратынын билдирүүсүнө караганда, Алиев Эрдоганга куттуктоо жолдоп Түркиянын бакубаттыгы үчүн жасаган иштерине ийгилик жана ден-соолук каалады.

Алиев билдирүүсүндө, Түркиянын маанилүү социалдык-экономикалык жана илимий ийгиликтерге жетишип дүйнөлүк масштабда көз карандысыз саясат жүргүзгөн күч борборуна айланганын, бул ийгиликтердин Эрдогандын аракети менен жетишилгендигин баса белгиледи.

Элдеринин эрктүүлүгүнө жана "бир улут, эки мамлекет" принцибине негизделген Азербайжан-Түркия карым-катнаштарынын учурда эң жогорку деңгээлде экендигине сыймыктанарын билдирген Алиев төмөнкү сөздөрдү айтты:

«Достук жана бир туугандыкка негизделген мамлекеттер ортосундагы мамилелерибизди ушул деңгээлге жеткирүүдө сиздин өзгөчө ролуңуз бар. Биздин көп кырдуу эки тараптуу мамилелерибизди жана стратегиялык өнөктөштүгүбүздү мындан ары да бекемдөөгө болгон чечкиндүүлүгүңүз, Азербайжандын өз жерлеринин оккупациядан бошотулушунда бардык деңгээлдеги айкын жана чексиз моралдык жана саясий колдооңуз элибиз тарабынан жогору бааланды.

Ар бир тармактагы масштабдуу, натыйжалуу жана жигердүү кызматташтыгыбыз, эл аралык мамилелердеги өз ара ишенимге жана колдоого негизделген ырааттуу позициябыз жана иш-аракеттерибиз мындан ары да өлкөлөрүбүздүн өнүгүшүнө жана элдерибиздин жыргалчылыгына кызмат кылат деп ишенемин»,-деди.



Тектеш кабарлар