Элчи К.Өмүралиев Анкарада Мерсин шаарынын делегациясы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Мерсин облусунан Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Бехич Челик жана аталган облустун Соода-өнөр-жай палатасынын мүчөлөрү-ишкерлери менен жолугушту.

1588628
Элчи К.Өмүралиев Анкарада Мерсин шаарынын делегациясы менен жолугушту

2020-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Мерсин облусунан Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Бехич Челик жана аталган облустун Соода-өнөр-жай палатасынын мүчөлөрү-ишкерлери менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, тагыраак айтканда, инвестицияларды тартуу жана Кыргызстанда өнөр-жай ишканаларын түзүү маселелерин талкуулашты. Элчи Өмүралиев Мерсиндин ишкерлерин өлкөбүздүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана бизнес жүргүзүүнүн артыкчылыктары жөнүндө маалымдады.

Кыргызстандын төө буурчагы Мерсиндеги товардык биржа аркылуу экспорттолуп жаткандыгын эске алып, тараптар биздин өлкөдө төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкана ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.



Тектеш кабарлар