Садыр Жапаров: «Түркия менен кызматташтыкты бекемдейбиз»

Президент Садыр Жапаров тез арада ишке ашыруучу милдеттерин ант берүү аземинде билдирди.

1572859
Садыр Жапаров: «Түркия менен кызматташтыкты бекемдейбиз»
SADIR CAPAROV YEMIN TORENI KIRGIZISTAN 1.jpg
SADIR CAPAROV YEMIN TORENI KIRGIZISTAN 5.jpg
SADIR CAPAROV YEMIN TORENI KIRGIZISTAN 9.jpg

Кыргызстандын 6-президенти Садыр Жапаров ант берип, кызматына киришти.

10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо 79,20 пайыз добуш менен жеңип чыккан Жапаровдун инаугурациясына байланыштуу борбор калаа Бишкекте өткөн инаугурация салтанатына 1000ден ашуун конок чакырылды.

Салтанатка 5-15-октябрь күндөрү өткөн көчө нааразычылыктарынан кийин президенттиктен кеткен Сооронбай Жээнбеков да катышты.

Садыр Жапаров президенттик күбөлүктү Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабековадан алды.

Кыргыз Туусун колго алган Жапаров конституцияга оң колун коюп ант берди.

Мамлекеттик гимнден кийин сүйлөгөн сөзүндө Жапаров:«Мен өзгөчө эки миң жылдан ашуун тарыхы бар элимдин алдында зор жоопкерчиликти сезем. Күн-түн дебей күч үрөп, бел чечпей иштеп, Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сындуу ири долбоорлорду тез арада ишке ашыруу, жумушчу орундарын түзүү аркылуу иш менен камсыздоону, миңдеген мигрант-мекендештеримди кайтарып келүүнү президент катары милдетим деп эсептеймин. Чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган түп атабыз Долон бий, Бирназар бий аталарымдан келаткан осуятты урматтаган ата уулу катары озуйпам деп санаймын»,- деди.

5-октябрда эл көтөрүлүп, парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну,президент менен өкмөттүн отставкасын камсыз кылгандыгын эске салган Жапаров: «Биз башаламандыктын жана мыйзамсыздыктын босогосунда турган өлкөдөгү улуттук биримдикти жана тынчтыкты сактоо үчүн элибиз менен бирге жоопкерчиликти өз мойнубузга алып, өлкөдөгү кырдаалды турукташтыра алдык»,-деп айтты.

Жапаров өлкөнүн оор мезгилинде көрсөткөн колдоосу үчүн Россияга ыраазычылыгын билдирип, коңшулаш Өзбекстан жана Казакстан менен тагдырлаш экендигин айтты.

Жапаров, Түркия менен кызматташтыкты бекемдөөнү, стратегиялык өнөктөш өлкөлөр менен экономикалык жана маданий байланыштарды арттырууну каалаганын билдирди.

Көп кырдуу тышкы саясатты жүргүзүүнү туура көрөрүн баса белгилеген Жапаров, Борбор Азия өлкөлөрүнөн баштап Кытай, Америка Кошмо Штаттары жана Европа өлкөлөрү менен кызматташууга аракеттер көрүлөрүн баса белгиледи.



Тектеш кабарлар