Эрсин Татар Түндүк Кипр Түрк Республикасын таанууга чакырды

Британ Кипр Түрк ассоциациялары кеңеши (CTCA), Британ Кипр түрк коому (BTCA) жана Circle Foundation ой жүгүртүү борбору тарабынан «Кипрдин Келечеги» аттуу онлайн панел уюштурулду.

1572174
Эрсин Татар Түндүк Кипр Түрк Республикасын таанууга чакырды

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Эрсин Татар, Кипрде туруктуу жана улантылуучу тынчтык үчүн ТКТРнын таанылышы керектигин айтты.

Британ Кипр Түрк ассоциациялары кеңеши (CTCA), Британ Кипр түрк коому (BTCA) жана Circle Foundation ой жүгүртүү борбору тарабынан «Кипрдин Келечеги» аттуу онлайн панел уюштурулду.

Улуу Британиянын мурдагы жарандык коом министри Брукс Ньюмарк жетектеген панелге Татар видео кайрылуу менен катышты.

Кипрдик түрктөр өзүлөрүнүн мамлекеттик иштерин көптөн бери башкарып келишкенин белгилеген Татар: «Ошондуктан, биз эл аралык коомчулукка өз мамлекетибиздин таанылышына татыктуу экенибизди билдиребиз. Учурда, Кипр түрктөрүнүн жаңы шайланган президенти катары, менин саясатым - аралда эки тең укуктуу эгемендүү мамлекетибиздин болушу керек»,-деди.

Кипрдик түрктөрдүн бардык жакшы ниеттерине карабастан, бардык чечүүчү жол үчүн аракеттер румдардын мамилесинен улам болбой калгандыгын белгилеп, «Демек, бул биздин жаңы саясатыбыз жана биз бул саясатты 100 пайыз Түркиянын (Анкара) өкмөтү менен шайкештикте жүзөгө ашырып жатабыз. Жаңы сүйлөшүүлөр бирдей эгемендүүлүккө негизделиши керек деп жатабыз»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар