Байрамов Чавушоглуна ыраазычылык билдирди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1572254
Байрамов Чавушоглуна ыраазычылык билдирди

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов, Нигериянын жээктеринде кол салууга дуушар болгон «Моцарт» кемесинде каза болгон азербайжандык деңизчинин сөөгүнүн Бакуга жөнөтүлүшүнө байланыштуу тышкы иштер министри Чавушоглуна ыраазычылык билдирди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Байрамов, Нигериянын жээктеринде кол салууга дуушар болгон «Моцарт» кемесинде каза болгон азербайжандык деңизчинин сөөгүнүн Бакуга жөнөтүлүшүнө байланыштуу Чавушоглуна ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүдө ошондой эле аймактагы акыркы кырдаал да талкууланды.

Либерия желектүү "Моцарт" кемеси 23-январда Нигериянын Лагос жээгинен 180 чакырым алыстыкта ​​деңиз каракчыларынын кол салуусуна кабылган.

Лагостон Түштүк Африканын Кейптаун шаарына бараткан кемедеги 19 кишилик экипаждын 15 мүчөсү уурдалып, азербайжандык Ферман Исмаилов каза болгон. 

Түрк аба жолдорунун (THY) Стамбулдан Бакуга учкан TK0332 каттамы менен жеткирилген сөөктү «Гейдар Алиев» аэропортунда Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери менен Азербайжандын Башкы прокуратурасынын жетекчилери жана Исмаиловдун үй-бүлөсү тосуп алышкан.



Тектеш кабарлар