Кыргызстанга бара тургандарга эскертүү

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги Ковид-19 эпидемиологиялык жагдайда Кыргызстанга бара турган жалпы жарандар үчүн Кыргыз Республикасынын жаңы талаптарын жарыялады.

1570085
Кыргызстанга бара тургандарга эскертүү

Урматтуу мекендештер жана Кыргызстандын коноктору!

Кыргызстанга келе турган Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга тиешелүү болгон COVID-19 коронавирус инфекциясын киргизбөө жана жайылтпоо боюнча Кыргыз Республикасынын талаптары 2021-жылдын 13-январында өзгөргөндүгү жөнүндө маалымдайбыз.

Жаңыланган эрежелерге ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары, чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасына учуп бара жаткан учактын бортуна акыркы 72 саатта (анализ алынган учурдан тартып) жасалган коронавирустук инфекциянын жоктугун көрсөткөн ПЦР-тесттин натыйжаларын көрсөткөндөн кийин киргизилет.

Кыргыз Республикасына келгенден кийин, чек арадан өтүү учурунда санитардык-карантиндик пункттардын (СКП) кызматкерлери ПЦР-тестинин натыйжаларын (маалымкатын) жана жүргүнчүлөрдүн дене табын текшеришет.

Учуунун узактыгына же учуунун кечиккенине байланыштуу объективдүү себептерден улам ПЦР-тестинин мөөнөтү өтүп кетсе (72 саат), чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар келген жеринде (аэропортто) ПЦР-тест өтүшү керек. Кыргыз Республикасына аба каттамы менен келе тургандарга коюлган бул талаптар 2021-жылдын 23-январынан тартып күчүнө кирет.

Ошол эле учурда, жогоруда айтылган талаптар Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлерине, эл аралык уюмдардын кызматкерлерине (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу келе тургандыгы жөнүндө алдын ала билдирген учурда), расмий делегациялардын мүчөлөрүнө (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу келе тургандыгы жөнүндө алдын ала билдирген учурда), эл аралык жүк ташууларды жана туруктуу эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочуларга, мектепке чейинки курактагы балдарга (7 жашка чейин), өлкөдөгү шайлоо процессинин эл аралык байкоочуларына тиешеси жок.

Булак; Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги

 



Тектеш кабарлар