Казакстанда жаңы өкмөт бекитилди

Касым Жомарт Токаев «Казакстан Республикасынын Өкмөтүн түзүү жөнүндө Жарлыкка» кол койду.

1566149
Казакстанда жаңы өкмөт бекитилди

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев Казакстандагы жаңы өкмөттү бекитти. Жаңы жарлыкка ылайык, жаңы министрлер жана вице-премьер-министрлер дайындалды.

Касым Жомарт Токаев «Казакстан Республикасынын Өкмөтүн түзүү жөнүндө Жарлыкка» кол койду.

Өкмөттө кабыл алынган жаңы Жарлыкка ылайык, эки министрликтин министрлери алмашты.

Серик Шапкенов Казакстан Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп дайындалды. Шапкенов буга чейин Эмгек жана социалдык коргоо министринин орун басары болгон.

Асет Иргалиев Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлигинин жаңы министри болуп дайындалды. Асет Иргалиев ушул күнгө чейин Улуттук экономика министринин орун басары болуп келген.

Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди өкмөттө эки кызматты аркалайт. Тлеуберди тышкы иштер министринин кызмат орду менен катар вице-премьер министринин милдетин аткарат.

Калган чиновниктердин бардыгы өкмөт отставкага кеткенге чейин ошол эле кызматта турушат.



Тектеш кабарлар