Азербайжан, Россия жана Армениядан биргелешкен билдирүү

В. Путин Тоолуу Карабахта экономикалык байланыштарды түзүү жана инфраструктурага байланыштуу долбоорлор боюнча биргелешкен декларацияга кол коюлганын жарыялады.

1561611
Азербайжан, Россия жана Армениядан биргелешкен билдирүү

Азербайжан, Россия жана Армениядан Тоолуу карабахта экономикалык байланыштар жана инфраструктуралык долбоорлорду куруу боюнча Азербайжан, Россия жана Армениянын биргелешкен билдирүүсү ...

Россиянын Президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер - министри Никол Пашинян менен Кремль сарайында 4 сааттык Тоолуу Карабах жолугушуусунан кийин маалымат берди.

В. Путин Тоолуу Карабахта экономикалык байланыштарды түзүү жана инфраструктурага байланыштуу долбоорлор боюнча биргелешкен декларацияга кол коюлганын жарыялады. Путин : "Бул максатта Россия, Армения  жана Азербайжандын вице – премьер – министрлеринин жетекчилигинде иш алып баруу топ түзүлөт", -  деди.

Азербайжандын президенти Алиев Россиянын президенти Путин менен боло турган кийинки эки тараптуу жолугушуусунда кол коюлган биргелешкен декларациянын маанилүү экендигин белгилеп : "Азербайжан 30 жылдык арадан кийин Армения транспорт жолу аркылуу  Нахчиван Автономиялуу Республикасы менен байланышат",- деди.  

Илхам Алиев  Ахербайжан жерлеринен Россия жана Иранга иемир жол арркылуу байланыша аларын белгилеп : «Азербайжан катары Нахчиван Автономиялуу Республикасы аркылуу түрк базарына  жетүүгө болот. Ошол эле учурда Түркия  - Россия ортосундагы темир жол байланышы да түзүлөт»,- деди.



Тектеш кабарлар