Жапаров: «Кыргызстанды экономикалык кризистен 3-4 жылда алып чыгам»

Садыр Жапаров борбор калаа Бишкекте өткөн маалымат жыйында акыркы 30 жылда коррупция ар бир тармакта тамыр жайгандыгын айтып, ар бир адам коррупция менен күрөшүүдө мамлекетти колдошу керектигин баса белгиледи.

1561069
Жапаров: «Кыргызстанды экономикалык кризистен 3-4 жылда алып чыгам»
Tokayev-Caparov.jpg

Кыргызстандагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаров саясий туруктуулукка жетишсе, өлкөсүн 3-4 жылдан кийин экономикалык кризистен алып чыгарын билдирди.

Садыр Жапаров борбор калаа Бишкекте өткөн маалымат жыйында акыркы 30 жылда коррупция ар бир тармакта тамыр жайгандыгын айтып, ар бир адам коррупция менен күрөшүүдө колун таштын астына коюп, мамлекетти колдошу керектигин баса белгиледи.

Шайлоочу аны коррупция менен күрөшүү үчүн шайлаганын белгилеген Жапаров: «Биз мурдагы бийликтердин каталарын кетирбейбиз. Саясий кысымдан алыс болобуз. Мыйзамдуулукту бузгандарга жол бербейбиз»,-деп айтты.

Өлкөдөгү көйгөйлөрдү чечүү үчүн 1-2 жыл жетишсиз экендигин айткан Жапаров:«Эгерде саясий туруктуулукка жетишсем, мен Кыргызстанды 3-4 жылдан кийин экономикалык кризистен алып чыгам»,-деди.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттик шайлоодо алдын ала жыйынтыктарга ылайык, добуштардын 79,18 пайызын алган Садыр Жапаров жеңип чыккандыгын билдирди.

Экинчи жагынан, Казакстандын президенти Касым Жөмарт Токаев, Садыр Жапаровду телефон аркылуу куттуктады.

Жапаров ошондой эле Токаевди Казакстанда өткөн парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады жана ал Казакстандагы кесиптешинин чакыруусу менен президент катары биринчи расмий иш сапарын Казакстанга жасай тургандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар