Түрк Кеңеши Кыргызстан менен Казакстанды шайлоолордун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

Түрк Кеңешинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө ылайык, башкы катчы Багдад Амреев Кыргызстандын президенти болуп шайланган Садыр Жапаровду куттуктады.

1561371
Түрк Кеңеши Кыргызстан менен Казакстанды шайлоолордун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

Түрк Кеңеши Казакстан менен Кыргызстанды 10-январда ийгиликтүү өткөн шайлоолору менен куттуктады.

Түрк Кеңешинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө ылайык, башкы катчы Багдад Амреев Кыргызстандын президенти болуп шайланган Садыр Жапаровду куттуктап, «Сиз түрк мамлекеттери менен салттуу байланышты чыңдап, келечекке ишенимдүү кадам таштайсыз деп үмүттөнөбүз»,-деп айтты.

Амреев, Жапаровдун шайланышы кыргыз эли үчүн пайдалуу жана ийгиликтүү болушун каалады.

Түрк Кеңеши Казакстандын чакыруусу менен өлкөдөгү парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн Түрк Кеңешинин миссиясын милдеттендирген эле.

Түрк Кеңешинин Баш катчысынын орун басары Д-р. Өмер Кожаман жетекчилик кылган жана Кеңешке мүчө өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрү менен дипломаттары катышкан миссия, 6-10-январь күндөрүнүн аралыгында Нур-Султан шаарында өткөн парламенттик шайлоону байкады.

Түрк Кеңешинин миссиясы өз билдирүүсүндө Казакстанды шайлоону ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктап, анын жыйынтыктары мындан ары өлкөдөгү саясий туруктуулукту жана туруктуу экономикалык өсүштү чыңдоого өбөлгө болоорун билдирди.

Шайлоо алдындагы байланыштын алкагында миссия Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Шахрат Нуришев, Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысынын орун басары Константин Петров жана Нур-Султан губернаторунун орун басары Бактияр Макен менен жолугушкан.

Делегация ошондой эле 5 саясий партиянын (Нур Отан, Ак Жол Демократиялык партиясы, Казакстан Элдик партиясы, Айыл (Айыл) Элдик-Демократиялык партиясы, Адал (Чынчыл) Партиянын) өкүлдөрү менен шайлоо өнөктүгүнө, маалымат каражаттарына жеткиликтүүлүккө, шайлоо тутумуна, укуктук негиздерге байланыштуу маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Казакстан Борбордук шайлоо комиссиясы бийликтеги Нур Отан партиясы 71,9 пайыз, Ак Жол Демократиялык партиясы 10,95 пайыз, Казак Эл партиясы 9,10 пайыз добушка ээ болгонун жарыялады.

Айыл (Айыл) Элдик-Демократиялык партиясы 5,29 пайыз, Адал (Чынчыл) партиясы 3,57 пайыз менен Парламентке өтүү үчүн талап кылынган 7 пайыздык чектен өтө алган жок.



Тектеш кабарлар