Кыргызстандагы шайлоонун алдын ала жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүнүн жол-жоболору 2474 үкөктө аяктаганын жана добуштардын 96,44 пайызы саналганын билдирди.

1560871
Кыргызстандагы шайлоонун алдын ала жыйынтыгы

Кыргызстандагы президенттик шайлоодо мурдагы премьер-министр Садыр Жапаров, алдын ала жыйынтыктарга ылайык добуштардын 79,18 пайызын алып жеңишке жетишти.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүнүн жол-жоболору 2474 үкөктө аяктаганын жана добуштардын 96,44 пайызы саналганын билдирди.

3 миллион 563 миң 574 шайлоочу катталганын айткан Шайлдабекова президенттик шайлоого жана референдумга 1 миллион 339 миң 638 шайлоочу добуш бергенин, бул 37,59 пайызга туура келгенин айтты.

Шайлдабекова добуштардын 79,18 пайызын алган Садыр Жапаров алдын ала жыйынтыктар боюнча алдыда баратканын маалымдады.

Шайлдабекова шайлоочулардын 34,29 пайызы бир эле мезгилде өткөрүлгөн референдумда өлкөнүн башкаруусун аныктоо үчүн добуш бергенин, алардын 81,2 пайызы «президенттик башкарууну» тандашканын билдирди.



Тектеш кабарлар