Казакстанда Парламенттик шайлоонун жыйынтыктары

Парламенттик шайлоо болгон Казакстанда үкөктөн чыккан жыйынтыкка караганда бийликтеги Нур Отан партиясы биринчи орунду алды.

1560955
Казакстанда Парламенттик шайлоонун жыйынтыктары

Парламенттик шайлоо болгон Казакстанда үкөктөн чыккан жыйынтыкка караганда бийликтеги Нур Отан партиясы биринчи орунду алды.

Демократия институту тарабынан 500 шайлоо үкөктөрүндө жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, анын 263ү шаарда, 237си айылда болуп, бийликтеги Нур Отан партиясы 72,1 пайыз менен биринчи орунду ээлесе, “Ак Жол” демократиялык партиясы 10,27 пайыз менен экинчи жана Казакстан элдик партиясы 9, 54 пайыз менен үчүнчү орунду алды.

Сурамжылоого 20 миң шайлоочу катышты.

Коомдук Пикир Изилдөө Институту тарабынан жүргүзүлгөн дагы бир  сурамжылоого ылайык, Нур Отан партиясы 71,97 пайыз менен биринчи, «Ак Жол» демократиялык партиясы 10,18 пайыз менен экинчи, Казакстан Элдик партиясы 9,03 пайыз менен үчүнчү орунду ээледи.

Казакстандын куруучу президенти Нурсултан Назарбаев үкөктөрдөн чыккан сурамжылоо жыйынтыгы боюнча Нур Отан партиясынын борбор шаардагы шайлоо штабына барды.

Назарбаев 2019 - жылдын 19 - мартында президенттик кызматтан кеткени менен бийликтеги Нур Отан партиясынын төрагасы бойдон калган.

Казакстандын Борбордук Шайлоо Комиссиясы жергиликтүү убакыт боюнча саат 22: 00гө карата шайлоочулардын катышуусу 63,3 пайызды түзгөнүн жарыялады.



Тектеш кабарлар