Азербайжан менен Армениянын коопсуздук кызматтарынын башчылары Тоолуу Карабахта жолугушту

Бул тууралуу Азербайжан Мамлекеттик Коопсуздук кызматы маалымат берди.

1561502
Азербайжан менен Армениянын коопсуздук кызматтарынын башчылары Тоолуу Карабахта жолугушту

Азербайжандын Мамлекеттик Коопсуздук кызматынын башчысы Али Нагиев жана Армениянын Улуттук коопсуздук кызматынын директору Армен Абазян акыркы жумада эки жолу жолугушуп, эки өлкөнүн чек арасындагы жана Тоолуу Карабактагы коопсуздук маселелерин талкуулашты.

Азербайжан Мамлекеттик Коопсуздук кызматы жасаган билдирүүдө, Нагиев менен Абазян алгач 8-январда Нахчыван Автономиялуу Республикасы менен Армениянын ортосундагы бейтарап зонада, 10-январда болсо Армениянын Саник провинциясына жакын чек ара аймагында жолугушканы маалымдалган.

Акыркы жолугушууга эки өлкөнүн чек ара кызматынын командирлери да катышканы айтылды.

Билдирүүдө жолугушуулар учурунда эки өлкөнүн чек арасындагы окуяларды биргеликте иликтөө, Азербайжан армиясы оккупациядан куткарган Тоолуу Карабах жана башка аймактардын коопсуздугу, жаңжалдуу аймактарда көмүлгөн сөөктөрдүн жайгашкан жери жана туткундарды алмашуу сыяктуу маселелер талкууланганы белгиленди.



Тектеш кабарлар