Кыргызстанда шайлоо өтүп жатат

Кыргызстан эли алдыдагы 6 жылда иштей турган президентти шайлоо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо үчүн добуш берүүдө.

1560589
Кыргызстанда шайлоо өтүп жатат

Кыргызстан эли алдыдагы 6 жылда иштей турган президентти шайлоо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо үчүн добуш берүүдө.

Болжол менен 6 миллион 500 миң калкы бар өлкөдө 3 миллион 563 миң 574 шайлоочу добуш бере баштады.

Шайлоодо президенттикке 17 талапкер ат салышууда, анын ичинде мурдагы премьер-министр Садыр Жапаров, парламенттин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаров, Мамлекеттик коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев жана Конституциялык соттун мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулова да бар.

Шайлоо участкаларындагы кызматкерлер тарабынан шайлоочуларга берилген эки бюллетенде, 17 талапкер жана «баарына каршы» деген варианты менен 2010-жылдан бери парламенттик башкаруу системасы менен башкарылып келе жаткан мамлекеттин башкаруу ыкмасын аныктоо максатында «президенттик» система, «парламенттик» система жана «баарына каршы» варианттарын камтыйт.

Президенттик шайлоодо добуштардын жарымынан көбүн алган талапкер шайланды деп эсептелет, антпесе экинчи турда эң көп добуш алган эки талапкер ат салышат.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылган оппозициялык партиянын тарапкерлери уюштурган нааразылык акциялары элдик толкундоолорго айланып кеткенден кийин аянтка чогулган эл Ак-үйгө кирип барып президенттин макамын жана парламентти ээлеп алышкан.

5-15-октябрь аралыгында өткөн массалык нааразычылыктардын натыйжасында парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, өлкөнү 3 жыл башкарган президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткен.



Тектеш кабарлар