Түрк Кеңеши Түрксат 5Ага байланыштуу Түркияны куттуктады

Түркия, Түрксат 5А байланыш спутнигин кечээ АКШнын Флорида штатынан космоско ийгиликтүү учурду.

1560239
Түрк Кеңеши Түрксат 5Ага байланыштуу Түркияны куттуктады

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңеши (Түрк Кеңеши) жаңы спутник Түрксат 5Анын космоско учурулушунан улам Түркияны куттуктады.

Түрк Кеңешинин Твиттердеги билдирүүсүндө: «Түрк Кеңешинин негиздөөчү мүчөсү Түркия, Түрксат 5А байланыш спутнигин АКШнын Флорида штатынан космоско ийгиликтүү учурду. Биз Түрк Кеңеши катары Түркияны куттуктайбыз, мүчө өлкөлөрдүн технологиялык жетишкендиктери менен сыймыктанабыз», деп жазылды.

Кечээ Флорида штатындагы Канаверал Кейп базасынан орбитага жөнөтүлгөн Түрксат 5А, Түркиянын космостогу активдүү жетинчи спутниги болуп саналат.

Түрксат 5A байланыш спутниги Түркия, Европа, Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, Борбордук Батыш Африка, Түштүк Африка, Жер Ортолук деңизи, Эгей деңизи жана Кара деңизди камтыган кеңири аймакта телекөрсөтүү жана маалыматтык байланыш кызматтарын көрсөтөт.



Тектеш кабарлар