Казакстан Түрк тилдүү мамлекеттер менен мамилелерин өнүктүрүүдө

Министр Тилеуберди, Казакстандын көп тараптуу жана достук мамилелерге негизделген тышкы саясатты жүргүзүп жаткандыгын айтты.

1559456
Казакстан Түрк тилдүү мамлекеттер менен мамилелерин өнүктүрүүдө

Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тилеуберди, Түрк тилдүү мамлекеттер менен мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани беришкендигин билдирди.

Министр Тилеуберди улуттук басма сөзгө берген маегинде, Казакстандын көп тараптуу жана достук мамилелерге негизделген тышкы саясатты жүргүзүп жаткандыгын айтты.

Ушул алкакта өз өлкөсүнүн эл аралык аренада ишенимдүү өнөктөшкө айлангандыгын баса белгилеген Тилеуберди, дипломатияда экономика жана гуманитардык жардам менен бирге коомдук, санариптик жана медициналык дипломатияны чыңдай тургандарын билдирди.

Тилеуберди, дүйнө жүзү коронавируска каршы олуттуу сыноо жүргүзүп жатканда Түрк тилдүү мамлекеттердин вируска каршы биргелешип күрөшүп жаткандыгын эске салып: «Казакстан салттуу түрдө өлкөбүздүн орток тарых, бир тууган тилдер жана маданияттар менен бириккен Түрк тилдүү мамлекеттер менен мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берүүдө»,-деди.



Тектеш кабарлар