Абдуллах Эрен:«YTB дүйнө жүзүндө Кипр түрктөрүнүн күрөшүнүн таанылышына салым кошот»

Эрен YTB тарабынан онлайн режиминде уюштурулган «Кипрде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) алкагында эки мамлекеттүү чечим сунушу» аттуу панелде сөз сүйлөдү.

1558645
Абдуллах Эрен:«YTB дүйнө жүзүндө Кипр түрктөрүнүн күрөшүнүн таанылышына салым кошот»

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) төрагасы Абдуллах Эрен, Кипр түрктөрүнүн жана эки мамлекеттүү чечим табуу үчүн жүргүзгөн күрөштүн дүйнөгө дагы жакшы таанытылышы жана таанылышы үчүн YTB салымын кошуусун уланта турганын айтты.

Эрен YTB тарабынан онлайн режиминде уюштурулган «Кипрде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) алкагында эки мамлекеттүү чечим сунушу» аттуу панелде сөз сүйлөдү.

YTBнин 2010-жылдан бери түрк диаспорасы үчүн маанилүү иш-чараларды жүргүзгөнүнө көңүл бурган Эрен: «40 жылдан ашуун убакыттан бери Түркиянын жакын алакасы менен эл аралык аренада күн тартипке алып чыгууга аракет кылган Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) жана ТКТРдагы түрктөрдүн себебинин дүйнөгө жарыяланышы үчүн билим берүү, маданият жана коомдук тармактарда иш-аракеттерди жүргүзүүгө аракет кылып жатабыз»,- деди.

Эрен, ушул алкакта 2020-жылы ТКТРнан 92 студентке стипендия берилгендигин, Кипрден миңден ашуун студенттин Түркиядагы университеттерде билим алып жаткандыгын жана бейөкмөт уюмдар аркылуу коомдун ар бир катмарына жетүүгө аракет кылып жатышкандыгын билдирди.

Кипрдин айрыкча Англияда да абдан маанилүү диаспорасы бар экендигин айткан Эрен, YTBнын Англияда жашаган Кипр түрк жаштарын «Туулган жериңер менен таанышкыла» проектиси менен биринчи жолу Түндүк Кипр Түрк Республикасын көрү үчүн мекенине алып келингендигин, (Ковид-19) эпидемиясы аяктагандан кийин дагы бул долбоорду уланта тургандарын маалымдады.

Эрен: «Ушул иш-чаралардын бардыгын жүргүзүп жатып унутпаган бир нерсе бар, башкача айтканда Кипр Түрктөрүнүн күрөшүүсүнүн дүйнөгө көбүрөөк таанытылышы,таанылышы жана Кипр түрктөрүнүн кимдигин өнүктүрүүгө кошкон салымыбыз. Бул жагынан алганда 2021-жылы Кипрде ар кандай иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатабыз»,-деп айтты.

Панелге видео кайрылуу жиберген Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар, Кипр түрк калкынын өз аймагында Түркия менен кызматташкан көз карандысыз республика катары жашоону каалагандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар