Түрк басма сөзү  05.07.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1851974
Түрк басма сөзү  05.07.2022

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглудан Армения менен нормалдашуу тууралуу билдирүү» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ берген маалыматында : «Азербайжан менен Армениянын ортосундагы нормалдашууну колдойбуз. Аймакта туруктуу тынчтыктын түзүлүшүнө муктажбыз»,- деди.

«Стар» гезити «Түркиядан Украина тууралуу билдирүү» деп жазып, Улуттук коргоо министрлигинин түрк жана Украина аскердик делегациясынын 2022 -  жылы 4 -  июль күнү борбор шаар Анкарада бир жыйын өткөргөндүгүн билдирди. Түрк жана Украинанын аскердик делегациялары аймактык коргонуу жана коопсуздук темаларында пикир алышууларда болушту.

«Ватан» гезити «Ички иштер министринин орун басары Чатаклы : июнь айында 142 террорист жок кылынды» деген маалыматында ички иштер министрилигинин катчысы жана министрдин орун басары Исмаил Чатаклы террордук уюмдарга карата июнь айында жүргүзүлгөн операцияларда 142 террористтин жок кылынгандыгын айтканын маалымдаган.

«Сабах» гезити «Министр Караисмаилоглу: Түркиянын тарнспорт жана коммуникация инфраструктурасын бекемдеп жатабыз» деп билдирип, транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглунун акыркы 20 жылда Түркиянын транспорт жана коммуникация инфраструктурасына 183 миллиард доллар инвестиция салышкандарын белгилеп : «Муну менен улуттук кирешеге 520 миллиард доллар жана өндүрүшкө 1 триллион 79 миллиард доллар салым коштук»,- дегенин кабарлаган.

«Хүррийет» гезити «Нафиа Куш алтын медалды багындырды» деген макаласында улуттук таэквондочу Нафиа Куштун Алжирде өткөн Жер Ортолук деңиз оюндарында  аялдар 67 килограммда алтын медалды багындыргандыгын жазган.



Тектеш кабарлар