Түрк басма сөзү 29.06.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1849410
Түрк басма сөзү 29.06.2022

«Сабах» гезити «Түркия каалаганын алды: Финляндия менен Швеция террордук уюмдарды колдобойт» аттуу кабарында Мадриддеги Төрттүк саммиттен кийин Түркия, Швеция жана Финляндиянын ортосунда Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчөлүк процесстери тууралуу үч тараптуу меморандумга кол коюлганын билдирген. Биргелешкен келишимде «ПКК жана анын уландыларына каршы күрөшүүдө Түркия менен толук кызматташуу», «ПЙД/ЙПГ жана ФЕТӨгө колдоо көрсөтпөө убадасы», «Террордук кылмышкерлерди өткөрүп берүү темасында так кадамдардын ташталышы жана эки тараптуу деңгээлде келишимдик макулдашуулардын түзүлүүсү» эң маанилүү беренелердин арасында болду.

«Стар» гезити «Израилдин премьер-министри Беннеттен президент Эрдоганга өзгөчө ыраазычылык» аттуу маалыматында Израилдин премьер-министри Нафтали Беннет: «Түркияда израилдиктердин бутага алынышынын алдын алууда кызматташтыгы үчүн президент Режеп Таййип Эрдоган жана орун басарларына өзгөчө ыраазычылык билдирем»,-дегенин жазган.

«Ватан» гезити «Республика тарыхындагы эң жогорку деңгээлге жетти» аттуу кабарында казына жана каржы министри Нуреддин Небати билдирүүсүндө: «2022-жылдын май айында экспортубуз жылдык 242,6 миллиард доллар менен Республика тарыхынын эң жогорку деңгээлине жетти»,-дегенин билдирген.

«Хабер түрк» гезити «Ислам Кызматташтык Уюму Шанлыурфаны 2023-жылдын туризм шаары деп тандады» аттуу кабарында Азербайжанда өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун туризм министрлеринин 11- конференциясында Шанлыурфанын 2023-жылдын туризм борбору болуп тандалганын билдирген.

«Йени шафак» гезити «THYга туруктуулук сыйлыгы» берилди аттуу кабарында Түрк аба жолдоруна (THY) Эл аралык каржы дүйнөсүнүн кадыр-барктуу мекемелеринин бири World Finance тарабынан «Эң туруктуу желек ташуучу аба жолу» категориясында «2022-жылдын Туруктуулук сыйлыгы» берилгенин жазган.



Тектеш кабарлар