Түрк басма сөзү 27.06.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1848521
Түрк басма сөзү 27.06.2022

«Ватан» гезити «Вице-президент Октай: Алжирдеги түрк инвестициялары 5 миллиард долларга жетти» атуу кабарында вице-президент Фуат Октай 19-Жер Ортолук деңиз оюндарынын ачылыш программасына катышуу үчүн барган Алжирде түрк жумушчулары менен жолугуп: «Алжирдеги түрк инвестициялары 5 миллиард долларга жетти»,-дегенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Улуттук суу астында жүрүүчү кеме долбоорунда тарыхый кадам» аттуу маалыматында Коргоо өнөр жайынын башчысы Исмаил Демир: «Улуттук суу астында жүрүүчү кеме долбоорунда тарыхый кадам ташталууда. Түрк инженерлери тарабынан улуттук мүмкүнчүлүктөр менен иштелип чыккан STM500 суу астында жүрүүчү кеменин өндүрүштүк иштерин туруштук берүүчү катер сыноо өндүрүшү менен баштап жатабыз», дегенин жазган.

«Стар» гезити «Түркиядан орчундуу иш-аракет» аттуу кабарында авиация үчүн маанилүү болгон дагы бир технологиянын улутташтырылганын билдирген. Улуттук учактардын куш менен кагышуу сыноолору Түркияда жүргүзүлөт. Ушундайча ата мекендик технологиянын негизинде улуттук согуштук учак Хүржет, Гөкбей сыяктуу долбоорлордун сыноосу үчүн чет өлкөгө баруунун кажети жок.

«Йени шафак» гезити «TOGG санариптик өнүмдү ишке киргизет» аттуу маалыматында Түркиянын автомобиль өндүрүү бирикмесинин (TOGG) жетекчиси Гүржан Каракаш  автомобилден мурда бир технологиялык өнүмдү сата тургандары жөнүндөгү айтымдарга байланыштуу: «Бул тууралуу маалымат берүү үчүн эрте бирок алгачкы акылдуу аппаратыбыз С сегменти SUVду сатуудан мурда мобил катары кызмат кыла турган санариптик өнүм үчүн иштеп жатканыбызды айта алам»,-дегенин жазган.

«Хабер түрк» гезити «Түрежи менен Шахин Адамзатка эң мыкты кызмат сыйлыгы менен сыйланышты» аттуу кабарында Вехби Коч Фондунун Адамзатка жогорку кызмат сыйлыгынын биринчи жеңүүчүлөрү, Ковид-19 пандемиясында иштеп чыккан вакцина менен миллиондогон адамдарды сактап калган BioNTechтин негиздөөчүлөрү профессор Өзлем Түрежи менен профессор доктор Угур Шахин экенин жазган.



Тектеш кабарлар