Түрк басма сөзү 27.05.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1833408
Түрк басма сөзү 27.05.2022

"Хабер түрк" гезити "Операция улуттук зарылчылык" деген кабарында Улуттук Коопсуздук Кеңешинин президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде  чогулгандыгын жазган. Жыйындан кийин берилген маалыматта :"Түштүк чек арабыздагы операциялар улуттук зарылчылык. Террордук уюмдарга карата операциялар улантылат",- деп билдирилди. 

"Сабах" гезити "Түркиядан союздаштарга чакыруу: террорго колдоо көрсөтпөгүл" деп жазып, Түркиянын эл аралык союздаштыктарда ар дайым союздаштык руху жана мыйзамдарын орундаткандыгын, ошол эле жоопкерчилик жана ыкластуулукту башка союздаштардан да күткөндүгүн жазган. Улуттук Коопсуздук Кеңешинин кечээки билдирүүсүндө терроризмге колдоо берип, эл аралык мыйзамды бузган өлкөлөргө бул мамилени токтотуу, Түркиянын коопсуздук боюнча жоопкерчилигине көңүл бурууга чакырылды. 

"Ватан" гезити "Столтенберг :  Түркия террор менен күрөшүндө туура" деп жазган маалыматында  НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин : "Террордук кол салуулардан эч ким Түркиячалык зыян тарткан жок",- деп Түркиянын террор менен күрөшүн туура деп тапкандыгын айтканын кабарлаган. НАТОнун башкы катчысы террористтерди коргогон Швеция жана Финляндиянын союздаштыкка мүчөлүк кайрылуусуна карата Түркиянын айрым талаптарын билдирүү укугунун бар экендигин жана бир союздаштын тынчсыздануулары болсо бул тынчсыздануулардын каралышы керектигин белиледи. 

"Стар" гезити "Чавушоглунан ачык  эскертүү: биз блеф кылып жаткан жокпуз" деген макаласында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Грециянын эл аралык келишимдерди эске албастан Эгей деңизиндеги аралдарды куралдандыруусуна каршылык көрсөткөндүгүн белгилеген. Чавушоглу мындан баш тартылбаса эгемендик талаш  - тартышынын башталарын белгилеп : "Блеф кылган жокпуз. Греция буга баш ийбесе бул иш дагы да тереңдейт. Грециянын кадамдары Түркияга коркунуч туудуруу максатында",- деди. 

"Хүррийет" гезити "ТЕКНОФЕСТ Азербайжанда кубанычтуу башталды" деп кабарлап, дүйнөнүн алдыңкы Технология фестивалдарынын арасында орун алган ТЕКНОФЕСТ Авиация, космос жана технология фестивалы кечээ Азербайжандын борбор шаары Бакуда башталгандыгын маалымдаган. 120 миң чарчы метр аянтта 4 күн бою 50 миң зыяратчынын кабыл алынышы күтүлгөн ТЕКНОФЕСТте 5 миң киши жарышат.   Фестивалда Байрактар ​​жана Акынжыдан тышкары дүйнө сөз кылган түрк учкучсуз учуучу аппараттары, учактар, тик учактар ​​жана брондолгон унаалар көргөзмөгө коюлууда.

 

 



Тектеш кабарлар