Түрк басма сөзү 24.05. 2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1831492
Түрк басма сөзү 24.05. 2022

«Сабах» гезити «Эрдогандан Швеция жана Финляндияга НАТО билдирүүсү : так кадамдардын ташталышын каалайбыз» деген кабарында президент Эрдогандын Финляндия жана Швециянын НАТО тууралуу кадамына байланыштуу эки өлкөдөн да террор менен күрөшүү тууралуу так кадамдардын ташталышын күткөндүгүн айтканын жазган. Террор менен күрөшүү тууралуу Түркиянын күтүүлөрүнө жооп берилиши керектигин белгилеген Эрдоган : «Швециянын санкциясын эч качан унутпайбыз»,- деди.

«Хүррийет» гезити  «Эрдоган : мен үчүн Мицотакис деген эч ким жок» деп жазып, президент Эрдогандын Кабинет жыйынынан кийинки пресс  - жыйынында Грециянын премьер  - министри Кириакос Мицотакистин АКШ Конгрессинде Түркияга каршы  билдирүүлөрүнө катуу каршылык көрсөткөндүгүнө токтолгон. Эрдоган : «Бул жылы Стратегиялык кеңеш жыйынын өткөрмөкпүз. Эми мен үчүн Мицотакис деген бирөө жок. Жыйын өткөрбөйбүз»,- деди.

«Стар» гезити «Сауд Арбия Байрактар Акынжы чабуул коючу учкучсуз учуучу аппаратын алууну каалайт» деген маалыматында борбору Ливан болгон Tactical Report Сауд Арабиянын Түркияда жергиликтүү жана улуттук деңгээлде иштелип чыккан Байрактар ​​Акынжы чабуул коючу учкучсуз учуучу аппараты ТИХАны сатып алуу үчүн аракетке өтөрүн  жазган.

«Йени шафак» гезити «Moody'sтан түрк экономикасына карата ишеним  билдирүүсү” деп билдирип, эл аралык  кредиттик рейтинг агенттиги Moody'sтын өлкө тобокелдиктер тобунун төрага орун басары Катрин Мюхлброннер түрк министрлеринин бекем жана ачык түрдө экономикалык тең салмактуулуктун түзүлүшүндөгү маанилүү элементтердин арасында экендигин белгилеп : «Түрк экономикасы ар дайым туруктуу болду. Чоң жана көп түрдүү экономика»,- дегенин кабарлаган.

«Ватан» гезити «Апрель айында 225 пайызга артты» деген кабарында 2022 -  жылы апрель айында чет элдик турист саны өткөн жылдын ушул эле айына караганда 225, 59 пайызга өсүп 2 миллион 574 миң 423 болгонун жазган.  Өлөкөлөрдүн тизмесинде Германия 15, 36 пайыз менен биринчи, Болгария 10, 53 пайыз менен экинчи, Британия 8, 75 пайыз менен үчүнчү орунду алганын маалымдаган.



Тектеш кабарлар