Түрк басма сөзү 23.05.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1830726
Түрк басма сөзү 23.05.2022

«Сабах» гезити «Түркиянын НАТОго реакциясы АКШ басма сөзүндө» аттуу маалыматында Түркиянын Скандинавия өлкөлөрү Швеция жана Финляндиянын НАТОго кайрылуусуна вето коюусу жана шарттарын сунуштоосу дүйнөдө кеңири таасир калтырганын маалымдаган. Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) The Hill гезити да бул маселени иликтеп, америкалык сенатор Бен Кардиндин сөздөрүнө орун берди. Гезит Түркиянын согуш учурунда (Орусия-Украина) чоң иш жасаганын баса белгилеген Кардин: «Түркия менен жакшы карым-катнашта болуу биздин кызыкчылыгыбызда»,-дегенин белгилеген.

«Йени Шафак» гезити «Тышкы иштер министри Чавушоглу Израилге баратат» аттуу кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 25-май шаршемби күнү Израилге бара турганын жазган. Бул сапар Түркиядан Израилге 15 жылдан бери тышкы иштер министринин деңгээлиндеги биринчи сапар болот.

«Стар» гезити «Министр Кожадан «маймыл чечек» боюнча түшүндүрмө» деген кабарында саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа маймыл чечек оорусуна байланыштуу: «Айбанаттар аркылуу жуккан, кээде адамдарга да жугуучу бул оору пандемияга алып келбейт»,-деп айтканын баяндаган.

«Хабер түрк» гезити «Түрк брондолгон унаасы «Йөрүк» Африкадагы алгачкы миссиясын баштады» деген маалыматында Түрк коргонуу өнөр жайында иштелип чыккан дагы бир брондолгон кургактык унаасы алгачкы талаа миссиясын баштаганын маалымдаган.  Yörük 4X4 үчүн 4 өлкө менен келишим түзгөн Нурол Машина Чадга биринчи жеткирүүнү жасады.

«Хүррийет» гезити «VakifBank CEV Чемпиондор Лигасынын чемпиону» аттуу кабарында Түркия жана дүйнө чемпиону ВакыфБанк CEV Чемпиондор лигасынын супер финалында Imoco Volley Conegliano командасын 3-1 эсебинде жеңип CEV Европа чемпиондор лигасынын чемпиону болгонун маалымдаган. Ошентип VakıfBank тарыхында 5-ирет Европа Чемпиондор Лигасынын чемпиону болду.



Тектеш кабарлар