Түрк басма сөзү 20.05. 2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1829688
Түрк басма сөзү 20.05. 2022

«Ватан» гезити «19 -  Май өлкөдө кубанычтуу майрамдалды» деген кабарында Мустафа Кемал Ататүрктүн эгемендиктин шамын жагуу үчүн Бандырма кемеси менен Самсунга барган 1919 – жыл 19 -  Майдын 103 жылдыгында Түркиянын төрт тарабы кубанычка бөлөнгөндүгүн жазган. Пандемиядан кийин аянттар толуп – ташып, Анкарадагы майрамдын борбору Аныткабир болду.

«Стар» гезити «Эрдогандан так билдирүү : ПКК/ЙПГга жардам бергендерге «макулдук бере албайбыз» деп жазып, президент Эрдогандын Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүк кайрылуусунун Түркия тарабынан вето кылынгандыгына байланыштуу : «ПКК/ЙПГга колдоо бергендерге «макулдук» бере албайбыз. Швеция террордун уясы. Бир өлкө  макул болбосо НАТОго ала алышпайт»,- дегенин белгилеген.

«Хүррийет» гезити «Министр Чавушоглунан кызматташуу боюнча чакыруу» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Россия менен Украинанын өндүрүш жана экспорт мүмкүнчүлүктөрүндөгү төмөндөөнүн  глобалдык азык  - түлүк коопсуздугуна түздөн түз таасир тийгизерин белгилеп : «Бул согуштун ачкачылык кризисин дагы да начарлатпашы үчүн эл аралык кызматташууга муктажбыз»,- дегенин кабарлаган.

«Сабах» гезити «Понтустук тууралуу тышкы иштер министрлиги Грецияга каршылык көрсөттү» деген макаласында тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Грециянын расмий мекемелери тарабынан негизсиз «Понтус» дооматтарынын  шылтоосу менен жасалган жана тарыхты бурмалоого карата билдирүүлөрүн четке кагабыз»,- деп билдирилгендигин маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Төртүнчү бургулоо кемеси Түркияга келди» деген кабарында Түркиянын деңиздердеги  көмүр суутектерин издөө флотуна кошулган төртүнчү бургулоочу кеме Мерсиндин Ташучу портуна келгендигин жазган. Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез : «Ташучу портунда эки айлык даярдыктан кийин кемебиз биринчи бургулоо иштерин баштайт»,-деди.



Тектеш кабарлар