Түрк басма сөзү 18.05.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1828800
Түрк басма сөзү 18.05.2022

«Хүррийет» гезити «Бириккен Араб Эмирлигине Эрдогандын көңүл айтуу сапары» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) мурдагы президенти Шейх Халифа Бин Заид Аль Нахайяндын өлүмүнөн улам Абу-Дабиге барганын жазган. Эрдоган көңүл айтуу сапарынын алкагында БАЭнин президенти жана Абу-Даби эмири шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен жолугушту.

«Йенишафак» гезити «Байрактар ​​TB2 Украинадагы оюнду өзгөрттү» аттуу кабарында Орусия болжол менен 3 ай мурда баштаган согушта Украина армиясынын коргонуу линиясында Түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараты Байрактар ​​TB2 өзгөчөлөнүүнү улантууда экенин маалымдаган. Англиялык басма сөз орус армиясынын согуштун башталышынан бери Украинанын коргонуусунда 800дөн ашуун чабуул жасаган Байрактар ​​ТБ2лерине нааразы болгонун билдирди.

«Ватан» гезити «Швеция жана Финляндиядан Түркия тууралуу билдирүү» деген кабарында Финляндиянын президенти Саули Ниинистё өлкөсүнүн НАТОго мүчөлүгү жана Түркиянын реакциясы тууралуу «Маселени чечебиз деп ишенебиз» десе, Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон «Түркия менен сүйлөшүү аркылуу бардык маселени чечүүгө даярбыз»,-деп айтканын баяндаган.

«Сабах» гезити «Түркия бодо малдын жана койлордун саны боюнча Евробиримдик өлкөлөрүн артка калтырды» деген кабарында Европа статистика бюросунун (Евростат) маалыматына караганда, Түркия кой жана эчкилердин саны боюнча Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнө салыштырмалуу лидер болуп саналаарын жазган.

«Стар» гезити «Орустар биринчи жолу чокуда» деген кабарында орустардын Түркияда сатып алган турак-жай саны апрель айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 186,6 пайыз өсүп 1152ге жетсе, орус жарандары биринчи жолу турак жай алган чет элдиктердин тизмесинде биринчиликти ээлегенин белгилеген.



Тектеш кабарлар