Түрк басма сөзү   17.05.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1828196
Түрк басма сөзү   17.05.2022

«Стар» гезити «Түркия менен Алжирдин арасында 15 келишимге кол коюлду» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган жана борбор шаар Анкарага расмий сапар менен келген Алжирдин президенти Абдулмежид Теббундун алдында Түркия  -  Алжир ортосундагы карым  - катнаштарды бекемдей турган кен, экология, билим берүү, маданият жана коргоо өнөр жайы тармактарында 15 келишимге кол коюлгандыгын  жазды.

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган : Финляндия менен Швециянын НАТО мүчөлүгүнө «макул» боло албайбыз» деп билдирип, президент Режеп Таййип Эрдогандын НАТОго мүчө болууну каалаган Финляндия жана Швециянын террорго каршы мамилесинин так эмес экендигин белгилеп : «Бизге санкция салгандарга «макул» деп айта албайбыз»,- дегенине токтолгон.

«Хүррийет» гезити «Столтенберг: Түркиянын коопсуздук тынчсыздануусу каралышы керек» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн маалымдаган. Сүйлөшүүдөн кийин маалымат берген Столтенберг : «Түркия абдан маанилүү союздаш жана коопсуздук тынчсыздануулары каралышы керек»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Швеция террорго карата колдоосун улантууда» деп жазып, Түркиянын НАТО мүчөлүгүнө жылуу карабаган Швецияда  ПКК террордук уюмуна карата колдоо митингдеринин улантылып жаткандыгын кабарлаган. Полициянын митингге кийлигишпегендиги байкалды.

«Сабах» гезити «Анадолу жет Милан Бергома каттамдарын баштады» деген маалыматында түрк аба жолдорунун Анадолужет кампаниясынын Стамбул СабихА Гөкчен аэропортунан Италиянын МИлан Бергамо аэропортуна кататмдарын баштагандыгын жазган. Каттамдар жуманын 7 күнү ишке ашырылат.



Тектеш кабарлар