Түрк басма сөзү 16.05.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1827541
Түрк басма сөзү 16.05.2022

«Сабах» гезити «Чавушоглудан Финляндия менен Швеция тууралуу билдирүү: Террорду колдогону үчүн аларга каршыбыз» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, НАТОнун тышкы иштер министрлер жыйыны үчүн барган Германиянын борбор шаары Берлинде Финляндия жана Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу билдирүү жасап: «Финляндия менен Швециянын терроризмге колдоо көрсөткөндүгү үчүн НАТОго мүчөлүгүнө каршыбыз» дегенин баяндаган.

«Хабер түрк» гезити «НАТОнун баш катчысы Столтенбергдин Түркия тууралуу билдирүүсү» аттуу маалыматында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин Швеция менен Финляндиянын ыктымал мүчөлүгүнө байланыштуу: «Түркия биздин маанилүү өнөктөшүбүз, Түркия кээ бир тынчсызданууларын билдирди жана НАТОдо ар дайымкыдай кооптонуулар болгондо орток тил таба аларыбызга ишенем»,дегенин баяндаган.

«Стар» гезити «MITден Кобане операциясы» деген кабарында улуттук чалгындоо уюму (МИТ) Сириянын Айнуларап (Кобани) аймагындагы жашынган жерде Хайри коддуу ПКК террордук уюм мүчөсү Экрем Устекти таасирсиз кылганын маалымдаган.

«Йенишафак» гезити «Орусиянын Туроператорлор Ассоциациясынын эс алуу боюнча багыттоосу: Түркия теңдешсиз» деген кабарында Орусиянын Туроператорлор бирикмеси (ATOR) бөлүшкөн макалада Түркиянын сунуш кылган мүмкүнчүлүктөрү менен атаандаштарын артта калтырганы белгиленин маалымдаган. Орус туристтерине болгон мамиле үчүн «Мыкты» деген сөз колдонулган.

«Хүррийет» гезити «Бодрумдагы мега яхта» деген кабарында Дүйнөнүн эң узун 22-яхтасы экени айтылган «Учуучу түлкү» Мугланын Бодрум районунун жээгине казыгын түшүрогөнүн белгилеген. Кайман аралдарынын желеги менен узундугу 136 метр, туурасы 21 метр болгон мега яхтада ким болгону белгисиз.

 



Тектеш кабарлар