Түрк басма сөзү 27.01.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1769084
Түрк басма сөзү 27.01.2022

«Хабер түрк» гезити «Путин менен Зеленскийди Түркияга чакыра алабыз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын жеке телеканалга берген маалыматында: «Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалуунун жаңы кризиске айланышын каалабайбыз. Бул үчүн колубуздан келгендин баарын кылууга даяр экенибизди айтабыз.. (Орусиянын президенти Владимир) Путинге жана (Украинанын президенти Владимир) Зеленскийге бул билдирүүлөрдү жеткиргем. Мен бул билдирүүнү жеткирдим. Эки өлкө тең Түркиянын чын ыкластуулугун жана жакшы ниетин билет деп ойлойм. Эки өлкөнү Түркияда коноктоп, тынчтыкка жол ача алабыз»,-деп айтканын баяндаган.

«Йени шафак» гезити «Алтун: 500 миң сириялык өлкөсүнө кайтты» деген кабарында Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтундун Түркиянын аймактын тынчтыгына, коопсуздугуна жана ырааттуулугуна салым кошконун, Түркиянын аракети менен 500 миңден ашуун сириялык баш калкалоочунун өлкөсүнө кайтып келгенин белгилегенин маалымдаган.

«Сабах» гезити «Түрк дарыгеринин сыймыктуу эмгеги» деген кабарында АКШдагы «Жексон» лабораториялык институтунун башкы илимий кызматкери болуп иштеген профессор, доктор Деря Унутмаздын коронавирустун бардык варианттарына каршы эффективдүү боло турган жаңы дарылоо ыкмасынын үстүндө иштеп жатышканын жана натыйжалары оң экенин айтканын баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Электрдик унаа гиганттары Түркияны көздөп жатышат» деген кабарында заряддоо станцияларынын кеңири жайылышынын таасири менен Түркиянын электр унаа базары 2021-жылы 237 пайызга өскөнүн маалымдаган. Бул абал электрдик унаа гиганттарынын да көңүлүн бурду. Түркия базарына Tesla, MG жана Jaguar сыяктуу дүйнөлүк бренддер кирди.

«Стар» гезити «Түркиянын чөнтөк спутниги Гризу-263Анын окуясы тартылды» аттуу кабарында Зонгулдактагы «Бүлент Эжевит» университетинин космостук тобу тарабынан 13-январда космоско учурулган Түркиянын чөнтөк спутниги Гризу-263Анын тарыхын баяндаган кыска метраждуу тасма даярдалганын белгилеген.



Тектеш кабарлар