Түрк басма сөзү 24.01.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1767203
Түрк басма сөзү 24.01.2022

«Хабер түрк» гезити «Варанк: Түркия 2021-жылы өнөр жайдык менчик өтүнмөлөрүндө жана каттоолорунда оң айырмаланды» аттуу кабарында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк: «2021-жылы Ковид-19 пандемиясына карабастан ички кайрылуу жана каттоолордун көбөйүшү менен көптөгөн өлкөлөрдөн жакшы айырмаланууга жетиштик. Өткөн жылы 352 аймактык көрсөткүч каттоосу менен жалпы катталган аймактык көрсөткүчтөрдүн саны 990го көбөйдү. Учурда Европа Биримдигинде 7 аймактык көрсөткүч каттоодо турат», - дегенин жазган.

«Хүррийет» гезити: «Байрактар ​​AKINCI TİHAнын биринчи экспорттук келишимине кол коюлду» аттуу маалыматында Президенттиктин коргоо өнөр жайы төрагалыгынын башчысы Исмаил Демир, Байрактар ​​Акынжы чабуул коюучу учкучсуз учуучу аппарат TİHAнын биринчи экспорттук келишимине кол коюлганын билдиргенин маалымдаган.

«Йени шафак» гезити: «АКШда 1 миллион доллар бюджетке ээ престиждүү кафедрага түрк дарыгери дайындалды» аттуу кабарында АКШдагы Арканзас медициналык илимдер университети 13-январда түрк доктору Өзлем Тулунай Угурду кадыр-барктуу Kyser кулак, мурун, тамак жана баш-моюн хирургиясы кафедрасына дайындаганын жазган.

«Сабах» гезити: «Чыгыш экспресси "Жомок сымал саякат" дүйнөлүк басма сөздө» аттуу маалыматында француз AFP маалымат агенттиги «Жомок сымал саякат» деген аталышта туристтик Чыгыш Экспрессин таанытканын билдирген. Британ Independent гезити болсо «Дүйнөдөгү эң сонун 4 поезд линиясынын бири» деп жазды. Ал эми AFPнын жаңылыктарын өз баракчасына жарыялаган Euronews сайты «Түркиянын борбору Анкарадан жолго чыгып, Анадолунун талааларынан жана Евфраттын бийик тоолуу аймактарынан өтөт!»,-деп билдирди.

«Сабах» гезити «Түркияга агылып жатышат» атуу кабарында Түркиянын саякат агенттиктери бирикмесинин (TÜRSAB) төрагасы Фируз Баглыкая, Түркиядагы кардын сапаты жана тилке инфраструктурасы менен өзгөчөлөнгөн лыжа базаларынын акыркы жылдарда чет элдик зыяратчылар тарабынан көбүрөөк жактырылганын белгилеп: «Учурдагы сатуулар 2021-жылга салыштырмалуу 2-5 эсеге жогору»,-дегенин жазган.



Тектеш кабарлар