Түрк басма сөзү 20.01.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1765547
Түрк басма сөзү 20.01.2022

«Ватан» гезити «Эрдоган: TURKOVAC аркылуу өзүбүзгө ишенимдүү карайбыз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын өкмөт жыйынынан кийин жасаган билдирүүсүндө, дүйнө коронавирус эпидемиясынын жаңы толкуну астында кыйын күндөрдү өткөрүүнү улантып жатканын белгилеп: «Саламаттык сактоо системабыз эпидемия, оорукана жана реанимациядан эмдөөгө чейин вирус менен күрөшүүдө ар кандай муктаждыктарды канааттандырууга жөндөмдүү.  TURKOVAC вакцинабыз аркылуу биз өзүбүзгө көбүрөөк ишеним менен карайбыз»,-деп айтканын баяндаган.

«Йени Шафак» гезити «Президент Эрдоган Украинага барат» деген кабарында Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын: «Түркия Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалууну азайтуу үчүн ойной турган бардык ролду алууга даяр. Муну Орусия жана Украинага дос өлкө катары да, НАТОнун өнөктөшү катары да жасап жатабыз. Бир нече жумадан кийин президент Эрдоган президент Зеленский менен жолугушуу үчүн Украинага барат» дегенин баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Шентоптун Чыгыш Жер Ортолук деңиз билдирүүсү» аттуу маалыматында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоптун Чыгыш Жер Ортолук деңиз түтүк жолу (EastMed) долбоору тууралуу: «Биз башынан эле бул долбоордун коммерциялык эмес экенин түшүнгөнбүз. Биз башынан бери эле бир гана Түркияга душман болуу жагынан мындай долбоордун саясий максатта ишке ашпай турганын айтып келе жатабыз»,-деп айтканын жазган.

«Стар» гезити «Нидерландиядан Түркияга мактоо» деген кабарында Нидерландиянын NRC гезитинде Түркиянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарына (SİHA) байланыштуу анализде Байрактар ​​TB2 «дүйнөнүн эң мыктысы» деп чечмеленгенин жазган. Талдоодо нидерландиялык коргоо адиси Стижн Мицердин «Байрактар ​​TB2 операциялык жактан дүйнөнүн эң мыктысы» деген сөздөрү орун алды.

«Сабах» гезити «Артта калган дүйнөлүк футбол жылдыздары» аттуу маалыматында Football Wonderkids тарабынан түзүлгөн тизмеге ылайык, Европа лигаларында эң көп пас берген оюнчулар аныкталганын белгилеген. Түркиялык Юнус Акгүн тизмеге атын жаздырып, артына көптөгөн жаш жылдыздарды калтырды.



Тектеш кабарлар