Түрк басма сөзү 17.01.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1763607
Түрк басма сөзү 17.01.2022

«Сабах» гезити «Батыш медиасынан мойнуна алуу! «Бир гана жол Түркия менен кызматташуу»» аттуу маалыматында Брюсселде жайгашкан EU Observer гезитинде Түркия тууралуу моюнга алган макала жазылганын маалымдаган. «Түркия менен Европа Биримдигинин геосаясий кызматташтыгынын убагы» деген макалада Түркиянын геостратегиялык маанисине көңүл бурулуп, «Түркия менен кызматташуу жалгыз жол» деп айтылды.

«Йенишафак» гезити «Вашингтон Пост Байрактар ​​TB2ни баш тамгалар менен баш макаласынан берди» деген кабарында АКШнын «Вашингтон Пост» гезити түрк өндүрүшүндөгү алдыңкы технология Байрактар ​​TB2ни баш макаласында жарыялаганын жазган. Байрактар ​​TB2нин кадимки аба күчтөрүнүн чыгымынын аз гана бөлүгү менен өлкөлөргө жашыруун/көзгө көрүнбөгөн аба күчүн сунуш кылганы белгиленди. Украин аскерий эксперти «душманга эмоционалдык жана реалдуу таасир этти» деген сөздөрдү колдонгон, ал эми гезит Москванын кооптонуп жатканын жазган.

«Стар» гезити «Кошунанын TOGG үчүн мактоо сөздөрү» деген кабарында бүткүл дүйнө суктанган жана мактаган Түркиянын ата мекендик унаасы TOGG седан моделине грек басма сөзүнөн мактоо сөздөрү айтылганын маалымдаган. Коңшу басма сөз : «Түрктөр Европаны багындырууга даяр жана президент Эрдоган TOGG менен кыялын ишке ашырат»,-деди.

«Ватан» гезити «Азербайжанда TEKNOFESTтин илим жана технология шамалы согот» аттуу маалыматында дүйнөнүн эң чоң авиация, космос жана технология фестивалы TEKNOFEST бешинчи жылы өлкөнүн чегинен тышкары эл аралык масштабга өткөнүн белгилеген. Бир тууган өлкө Азербайжан 26-29-май күндөрүнүн аралыгында өткөрүлө турган TEKNOFEST технология, илим, атаандаштык, толкундануу, достук жана бир туугандык сезимдерине толгон фестивалга күбө болот.

«Хүррийет» гезити «Түрк оюн индустриясына пандемиялык допинг» аттуу маалыматында Түркия оюндарды өнүктүрүүдө дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн бири катары өзгөчөлөнсө, 2021-жылы АКШда эң популярдуу 100 мобилдик оюндун 20 пайызы Түркиядан тандалып алынганын маалымдаган.



Тектеш кабарлар