Түрк басма сөзү 5.01.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1757243
Түрк басма сөзү 5.01.2022

«Хабер түрк» гезити: «Президент Эрдоган: Биз эң оорду артта калтырдык» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын экономикада ташталган кадамдар тууралуу : «Эң оорду артта калтырдык. Мындан кийин максаттарыбызга кадам сайын жакындап жатканыбызды көрсөтүүнүн мезгили келди. Жарыяланган чаралар пакетинин негизинде доллардын үстүндөгү көбүктү алдык, инфляциянын да көбүгүн алуу менен өлкөбүздү бул көрүнүштөн куткарабыз»,-деди.

«Хүррийет» гезити: «Кен байлык экспортунда республика тарыхында рекорд» аттуу маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез 2021-жылдын энергетика жана тоо-кен тармагында ийгиликтерге жык толгондугун белгилеп: «2021-жылы республика тарыхынын рекордун жаңыртып, 5 миллиард 930 миллион долларлык кен экспорттодук»,-дегенин жазган.

«Стар» гезити: «Кытайдан көңүл бурган анализ: Түркиянын долбоору тарыхтагы эң жакшы мүмкүнчүлүк» атуу кабарында Кытайдын алдыңкы гезиттеринен «China Dailyде» жарыяланган макалада «Түркиянын Орто коридору тарыхтын эң жакшы мүмкүнчүлүк мезгилинде жана ылдам өсүү алдында турат» деп жазылганын билдирген. Долбоордун потенциалына көңүл бурулган макалада Кытайдан Европага эң кыска жолдун Түркия аркылуу өткөнү белгиленди.

«Йени Шафак» гезити: «Индонезия Түркиядан аскердик кемелерди сатып алышы мүмкүн» аттуу маалыматында Аскердик жана коргоо өнөр жайы темаларына басым жасаган Oryx Blog Түркиянын Индонезияга кайгуул кемелерин экспорттоосу тууралуу макала жазганын билдирген. Макалада түрктөр долбоорлогон деңиз флоту кемелеринин бүткүл дүйнөгө экспорттоло турганы белгиленди. Индонезиянын Анкарадагы элчиси доктор Лалу Мухаммед Икбал да өлкөсүнүн Түркиядан согуштук кеме сатып алуу ыктымалдыгы тууралуу кээ бир сүйлөшүүлөр башталганын билдирди.

«Сабах» гезити «THY Филиппиндин Себу шаарына каттамдарын баштады» атуу кабарында Түрк аба жолдорунун Филиппиндин борбор шаары Маниладан кийин Себуга каттамдарын баштаганын жазган. Каттамдар жумасына үч күн Стамбул-Манила-Себу түрүндө аткарылат.



Тектеш кабарлар