Түрк басма сөзү 30.12.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1754642
Түрк басма сөзү 30.12.2021

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Пиринкаялар туннели эл аралык байланыштардын бир бөлүгү болот» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Эрзурум-Артвин жолундагы Пиринкаялар туннелинин ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө туннел менен Кавказды көздөй жол кыймылынын жеңилдей турганын, туннелдин эл аралык байланыштардын бир бөлүгү боло турганын айтканын баяндаган.

«Йенишафак» гезити «Испания медиасы: Түркия 2030-жылы эң бай беш өлкөнүн бири болот» деген кабарында Испаниянын экономика журналы «Muy & Negocias Economia» Түркияны келечекте эң өнүккөн экономикага ээ боло турган өлкөлөрдүн арасында көрсөткөнүн маалымдаган. «Булар 2030-жылы дүйнөнүн эң бай өлкөлөрү болот» аттуу макалада Түркиянын 2030-жылы ИДПсы (ички дүң продукциясы) 2 триллион еврого өсүү менен дүйнөнүн бешинчи экономикасы болору белгиленген.

«Стар» гезити «TURKOVAC вакцинасына бир тууган өлкөдөн макулдук» аттуу кабарында Азербайжанда жаңы түрдөгү коронавируска (Ковид-19) каршы Түркияда иштелип чыккан жергиликтүү TURKOVAC вакцинасынын 3-фазалык изилдөөлөрү бекитилгенин маалымдаган.

«Сабах» гезити «Туризм министри Эрсой: Пандемияга карабастан 2021-жылы 29 миллион туристтен аштык» деген кабарында маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсойдун: «Пандемия шарттарына карабастан 2021-жылы Түркияга келген чет элдик туристтердин саны 29 миллиондон ашты, туризм кирешеси 24 миллиард доллардан ашты»,-дегенин баяндаган.

«Ватан» геззити «150 өлкөнүн дасторкондорун кооздоду» аттуу макаласында Анадолу топурагында өстүрүлгөн мөмө-жемиштер; Татымалдар, зайтун, зайтун майы, кургатылган мөмө-жемиштер, дан эгиндери, буурчак өсүмдүктөрү жана май уруктары менен аралашкан даамдар даам майрамына айланып, 150 өлкөнүн дасторкондорун кооздоп, 2021-жылдын январь-ноябрь айларында Түркияга 207 миллион доллар валюта алып келгени маалымдалган.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар