Түрк басма сөзү 27.12.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1753041
Түрк басма сөзү 27.12.2021

«Ватан» гезити «Президент Эрдогандын пайыз тууралуу билдирүүсү: «Бул дөңгөлөктү сындырабыз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Стамбулдагы кеңейтилген облустук кеңешме кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө: «Пайыздар байларды байытат, кедейди дагы кедей кылат. Пайыз-себеп болсо, инфляция-натыйжа. Биз бул дөңгөлөктү талкалайбыз жана биз улутубузду негизги максаттарына жеткиребиз»,-деп айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «Коргоо өнөр жайыбыз дагы бир ийгиликке жетишти» деген маалыматында Коргоо өнөр жайы башкармалагынын башчысы Исмаил Демирдин коргоо өнөр жайынын дагы бир ийгиликке жетишкенин баса белгилеп, улуттук абадан коргонуу ракета системасы HİSAR О+ акыркы кабыл алуу атуусунда жогорку ылдамдыктагы бутаны жок кылганын жарыялаганын жазган.

«Йени шафак» гезити «Түркия, логистиканын жылдыз өлкөсү» деген кабарында транспорттун кесилиши болгон Түркия эпидемияга карабастан транспортто өскөнүн маалымдаган. 11 айда аба жолу менен ташылган жүктүн көлөмү 3 миллион тоннадан ашты. Порттордо иштетилген контейнерлердин 9,9 пайызы түрк желеги тагылган кемелер тарабынан ташылды.

«Хабертүрк» гезити «Анталия 9 миллион турист максатынан ашты» деген кабарында туризм шаары Антальяда 2021-жылы 9 миллион туристти алуу максатына жыл аягына чейин жеткени жарыяланганын маалымдаган. 2021-жылга эпидемиянын көлөкөсүндө кирген Анталья июль айында башталган активдүүлүк менен жыл аягына чейин 9 миллион 2 миң 217 туристти тосуп алды.

«Сабах» гезити «2200 жыл мурун түрктөр жасаган» деген кабарында түрктөр мындан 2200 жыл мурда курган суу каналдары азыркыга чейин инженердик керемет катары сүрөттөлүп жатканын белгилеген. Карыз каналы деп аталган бул жер астындагы суу тармагы Орто Азияда Турфан аймагында курулган. Ал цивилизациянын тарыхындагы эң маанилүү табылгалардын бири катары көрсөтүлгөн.



Тектеш кабарлар