Түрк басма сөзү 22.12.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1750842
Түрк басма сөзү 22.12.2021

«Хүррийет» гезити: «Президент Эрдоган: 2053-жылга карата көз карашыбыздын негизги алып жүрүүчүсү билим берүү жана маданият болот» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Президенттик комплексте өткөрүлгөн Президенттиктин маданият жана искусство боюнча чоң сыйлыктарын тапшыруу аземине катышканын билдирген. Эрдоган: «Биздин 2053-жылга карата көз карашыбыздын негизги алып жүрүүчүсү билим берүү жана маданият болот»,-деди.

«Хабер түрк» гезити: «Парламенттин төрагасы Шентоптон Түндүк Македонияга ФЕТӨ эскертүүсү» аттуу маалыматында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоптун Түндүк Македония Парламентинде сүйлөгөн сөзүндө ФЕТӨ жөнүндө эскертүү берип, «ФЕТӨ бир гана Түркияга эмес, ал жайгашкан бардык өлкөлөргө коркунуч жана улуттук коопсуздук коркунучун жаратканын дос Түндүк Македониянын эске алышын каалайбыз»,-деп айтты.

«Ватан» гезити : «Министр Акар Босния-Герцеговинанын Башкы штабынын төрагасын кабыл алды» деген кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Босния-Герцеговинанын Башкы штабынын төрагасы генерал-лейтенант Сенад Масович менен жолугушканын жазган. Жолугушууда министр Акардын эки өлкөнүн ортосундагы аскердик билимди жана кызматташтыкты дагы да арттыруу үчүн аракеттерди тездетүү зарылдыгын билдиргени белгиленди.

«Стар» гезити: «Нигердин премьер-министри Махамаду: Террор менен күрөшүүдө Түркияга муктажбыз» аттуу маалыматында Нигердин премьер-министри Оухоумуду Махамаду Нигердин террор менен күрөшүүдө Түркиянын тажрыйбасына жана техникалык колдоосуна муктаж экенин айтканын жазган. Махамаду: «Түркия аскердик техника, авиация жана учкучсуз учуучу аппараттар жагынан Нигердин бир топ алдыда. Түркия Нигердин көп тармакта террор менен күрөшүүсүнө салым кошо алат»,-деди.

«Сабах» гезити: «TOGG АКШга барат» аттуу кабарында Түркиянын ата мекендик жана улуттук унаасы TOGG дүйнөлүк кадамын АКШдан баштай турганын билдирген. TOGG Лас-Вегаста 5-8-январь аралыгында өткөрүлө турган жана дүйнөнүн эң ири технологиялык компаниялары катышкан Керектөөчү электроника жарманкеси CES- 2022де таанытылат.



Тектеш кабарлар