Түрк басма сөзү 21.12.2021

Түрк басма сөзүнөн кысккача маалыматтар.

1750516
Түрк басма сөзү 21.12.2021

«Хабер түрк» гезити «Африка менен соода көлөмүнүн максаты 75 миллиард доллар» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркиянын Африка менен болгон соода көлөмүн 5,4 миллиард доллардан 30 миллиард долларга жогорулатканын, эми бул максатты 50 миллиард долларга, андан кийин 75 миллиард долларга көтөрүү экенин айтканын маалымдаган. Эрдоган: «Тарыхында колонизаторлук уятка кабылбаган эл катары биз Африка континенти менен пайдага-пайда жана тең укуктуу өнөктөштүктүн негизинде кызматташтыгыбызды мындан ары да чыңдоого аракет кылабыз»,-деди.

«Хүриййет» гезити «Министр Небати: Жеңүүчү түрк экономикасы болот» аттуу маалыматында казына жана каржы министри Нуреддин Небатинин Твиттердеги билдирүүсүндө: «Президентибиз тарабынан жарыяланган кереметтүү экономикалык манифест (түрк лирасын күчтөндүрөт) менен кечээкиден алда канча чечкиндүү жолду улантып жатабыз. Эч ким шектенбеши керек»,-деп айтканын баяндаган. Небати: «Инвестиция, өндүрүш, иш менен камсыз кылуу жана экспортко багытталган Жаңы Түркия модели менен жеңүүчү түрк экономикасы болот»,-деди.

«Сабах» гезити «Армения менен каттамдар башталат» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын аймактын ырааттуулугу үчүн ишенимди арттыруучу кадамдарды таштаганын баса белгилеп, Түркия менен Армениянын ортосунда аба каттамдарынын баштала турганын билдиргенин маалымдаган. Чавушоглу: «Түз байланыштарды баштоо үчүн Армения менен өз ара атайын өкүлдөрдү дайындадык. Биздин атайын өкүлдөр мүмкүн болушунча тезирээк жолугушат. Кээ бир компаниялар жакынкы күндөрдө каттамдарын баштайт»,- деди. Чавушоглу Түркиянын Арменияга байланыштуу кадамдарынын Азербайжан менен кеңешип ташталганын да баса белгиледи.

«Стар» гезити «Түркиядан БУУнун Коопсуздук Кеңешине хэштег жана твит реакциясы» деген кабарында Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Феридун Синирлиоглунун: «БУУнун Коопсуздук Кеңешинин (БУУ) хэштеги жакшы, бирок башын калкалай турган үй дагы жакшыраак. Тарых бул кеңешти хэштег мууну катары сыпаттайт деп корком. Бул кеңешке ай сайын келип сүйлөшүп, твиттер жазып, кетип калабыз, кийинки айда кайра келип, ошол эле нерселерди кайталайбыз»,-деп каршылык көрсөткөнүн маалымдаган. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Сирия калкы үчүн акыркы мүмкүнчүлүк экенин эске салган Синирлиоглу: «Биздин колубуздан келгени ушулбу? Жаңы жылдык резолюцияларыбызды Твиттерде жазгандын ордуна, балким, чындап эле Сирия элин сактап калуу үчүн бир нерсе кыла алабыз»,-деген сөздөрү менен БУУну сынга алды.

«Йени Шафак» гезити «Түркия Африка жана Азиядагы 18 миллион адамды сууга жеткирди» деген кабарында Түркиянын бейөкмөт уюмдар жана мамлекеттик мекемелер аркылуу Азия жана Африкадагы 22 өлкөдө 34 миңден ашуун суу кудугун бургулаганын маалымдаган. Бул эки континентте 18 миллиондон ашык адам таза сууга ээ. Жыл сайын холерадан, дизентериядан, ич келтеден жана ич өткөктөн 485 миң адам каза болгон бул географияларда тармактык линиялар, тазалоочу курулмалар жана километрлеген суу түтүктөрү да пайдаланууга берилди.



Тектеш кабарлар