Түрк басма сөзү 20.12.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1749755
Түрк басма сөзү 20.12.2021

«Хабер түрк» гезити: «Эрдоган: Бардык көрсөткүчтөр глобалдык ийгиликке ишарат кылууда» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын глобалдык кризистерге каршы туруктуулугунун жана кризистерди мүмкүнчүлүккө айлантууда өзүнө болгон ишениминин артында күчтүү инфраструктуранын бар экенин айтканын билдирген. Эрдоган өсүү көрсөткүчтөрү, өндүрүш, жумуш менен камсыз кылуу, экспорт, бюджет баланстары жана бардык көрсөткүчтөр Түркия үчүн глобалдык ийгиликке ишарат кылганын белгиледи.

«Йени шафак» гезити: «Түркиянын 8-спутниги космоско учурулду» аттуу маалыматында Түрксат спутник флотунун эң күчтүүсү боло турган Түрксат 5Бнын, АКШнын Флорида штатындагы Канаверал базасынан космоско ийгиликтүү учурулганын билдирген. Space X фирмасына таандык Falcon 9 ракетасы аркылуу космоско жөнөтүлгөн Түрксат 5Бнын учурулушу менен Түркиядагы активдүү байланыш спутниктеринин саны 5ке, жалпы спутниктердин саны 8ге жетти. Бул спутниктин негизинде Түркиянын маалымат жеткирүү ылдамдыгы жана сыйымдуулугу 15 эседен ашык жогорулайт.

«Стар» гезити: «Түркиянын тажрыйбасы чоң үлгү» аттуу кабарында Түркиянын улуттук куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары (SİHA) Байрактар ​​TB2лер тууралуу билдирүү жасаган АКШнын Коргоо министрлигинин ишенимдүү кеңешчиси катары таанылган Скотт Крино: «Сирия, Ливия жана Карабахтагы ийгиликтердин артында Түркиянын өндүрүштүк тажрыйбасы жатат. Түркиянын тажрыйбасы башка өлкөлөр да карманышы керек болгон бекем үлгү»,- дегенин жазган.

«Сабах» гезити: «Turkovacка толук баа» аттуу маалыматында Түркиянын Вакциналар институтунун төрагасы жана Коронавирус Илим Кеңешинин мүчөсү проф. др. Атеш Кара ата мекендик инактивдештирилген коронавирус (Ковид-19) вакцинасынын клиникалык изилдөөлөрүндөгү алгачкы көрсөткүчтөр абдан оң болгонун айтканын билдирген. Turkovacты сайдырган кишилердин арасында Ковид-19ду оор өткөргөндөрдүн жок экенин баса белгилеген Кара: «Turkovac антитело деңгээлин да тездик менен жогорулатты. Үчүнчү доза вакцина катары оңой колдонсо болот»,-деди.

«Хүррийет» гезити: «Вакыфбанк 4-жолу дүйнө чемпиону болду» аттуу кабарында Түркиянын волейбол боюнча VakıfBank кыздар командасы, клубдар арасындагы дүйнөлүк чемпионаттын финалында Италиянын өкүлү Имоко Конеглианону 3-2 эсебинде жеңип, 4-жолу чемпион болгонун билдирген.



Тектеш кабарлар