Түрк басма сөзү 07.12.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1744064
Түрк басма сөзү 07.12.2021

«Хабер түрк» гезити «Түркия эпидемияга карабастан өсүү жолун улантты» аттуу маалыматында вице-президент Фуат Октайдын өсүү темпинен экспорттогу рекорддорго чейин, өнөр жай өндүрүшүнүн көбөйүшүнөн жумушчу күчүнүн катышуусуна чейин көптөгөн көрсөткүчтөрдүн жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясына карабастан Түркиянын күчтөнүү менен жолун улантып жатканын көрсөткөнүн айтканын баяндаган. Октай жаңы инвестицияларды ылдамдыкты азайтпастан улантышкандарын белгиледи.

«Хүррийет» гезити «Африка өлкөлөрүнө Түрк Мамлекеттери Уюмунан эмдөө жардамдары» аттуу кабарында Азербайжан, Өзбекстан жана Венгрия тарабынан берилген коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы вакциналары Түркияга жеткенин жана бул вакциналар Түркия тарабынан берилген вакциналар менен бирге аскердик жүк ташуучу учак менен Африканын эки өлкөсүнө жөнөтүлгөнүн маалымдаган. Буркина Фасого 400 миң доза Sinovac жана Тогого 211 миң 200 доза Sinopharm вакцинасы жеткирилди.

«Йени Шафак» гезити  «TOGG Лас Вегастагы керектөөчү электроника жарманкесинде орун алат» деген кабарында Түркиянын Автоунаа демилге тобу (TOGG) социалдык медиа эсебинен маалымат бөлүшүп, Түркиянын ата мекендик жана улуттук электр унаасы TOGG Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Лас Вегас шаарында өтө турган CES 2022 (Consumer Electronic Show) керектөөчү электроника жарманкесине катышаарын жарыялаганын маалымдаган. Ата мекендик унаа 2022-жылдын 5-8-январында Лас-Вегастагы жарманкеде өз ордун алат.

«Сабах» гезити «Түркия аркылуу өткөн Ортоңку коридорго суроо-талап артууда» аттуу маалыматында эпидемия учурунда жеткирүү чынжырынын дисбалансынан улам жүк ташуу баасы көтөрүлүп, контейнерлер табылбай калганын белгилеген. Батыш-Чыгыш линиясында соодада альтернативалуу жолдор изделүүдө, темир жол альтернативасы бир топ талап кылынды. Кытайдан Европага чейин созулган «Бир алкак, бир жол» долбоорунун Түндүк коридору толуп кетти. Ушул себептен улам ылдам өнүгүп жаткан жана Түркия аркылуу өткөн Ортоңку коридорго суроо-талап күч алууда. Орто коридорго жасала турган инвестициянын жалпы көлөмү 8 триллион долларга жетиши күтүлүүдө.

 «Стар» гезити «Сербиядан жарандарына чакыруу: Түркияга сөзсүз баргыла» деген кабарында Сербиянын Туризм министринин орун басары Дуня Ченич Түркияга барууну сунуштаганын маалымдаган.  Ченич: «Түркияда болгону эки күн болдум, бирок ага карабастан түрк элинин канчалык меймандос экенин көрдүм жана бул мени абдан кубантты. Серб жарандарына Түркияга келүүнү сөзсүз сунуштайт элем»,-деди.



Тектеш кабарлар