Түрк басма сөзү 06.05.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1743480
Түрк басма сөзү 06.05.2021

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Түрк аялдары Европадан мурда эле көптөгөн укуктарга ээ болушкан» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын аялдарга шайлоо жана шайлануу укугунун берилишинин 87 жылдыгына карата видео кайрылуусун жарыялаганын маалымдаган. Эрдоган билдирүүсүндө түрк аялдарынын Европадан мурда эле көптөгөн укуктарга ээ болгонун баса белгиледи.

«Стар» гезити «БУУнун «Стамбул» чечими» аттуу маалыматында Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) маанилүү глобалдык операциялар бөлүмдөрүн Женевадан Стамбулга көчүрүү чечимин чыгарганын маалымдаган. Эң биринчи «Гуманитардык координация бюросу» (OCHA) Түркияга көчүрүлөт. «Гуманитардык координация бюросу» (OCHA) менен бирге БУУнун дагы 8 маанилүү мекемесинин Стамбулда кеңселерин ачуу аракеттери жүрүп жатат. Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран: «Гуманитардык координация бюросунун (OCHA) келиши Стамбулду БУУнун башкы кеңсесине айландыруу максатыбызга карай маанилүү кадам болот»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «25 жылдык тыныгуудан кийин Ливиядан биринчи круиздик кеме Измирге келди» деген кабарында 25 жылдык тыныгуудан кийин Түркия менен Ливиянын ортосунда башталган жүргүнчү ташуучу кеме сапарларынын биринчи кемеси Измирге жетип, Алсанжак портуна казыгын түшүргөнүн маалымдаган. Аптасына бир жолу жасала турган круиздердин биринчисинде Измирге 112 жүргүнчү келди.

«Йени Шафак» гезити «COP 22 конференциясы Антальяда өтөт» аттуу кабарында Барселона Конвенциясынын Тараптарынын 22-конференциясы (COP 22) 7-10-декабрь күндөрүнүн аралыгында Анталияда өтөөрүн жазган. Жыйында Жер Ортолук деңизинин булганышы, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу, келгин түрлөрдүн болушу жана климаттын өзгөрүүсү талкууланат. COP 22ден кийин Түркия «Барселона конвенциясынын катчылык бюросун жетектөө» милдетин Италиядан алат.

«Сабах» гезити «JATA Европа континентинин эң кооз шаарларын тандады. Тизмеде Түркия да бар» деген кабарында Жапон туристтик агенттиктеринин ассоциациясы (JATA) Европадагы эң кооз 30 шаарды тандап алганын баяндаган. Бул тизмеге Түркиядан Бурсанын Гөлязы шаарчасы кирди.



Тектеш кабарлар