Түрк басма сөзү 3.12.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1742540
Түрк басма сөзү 3.12.2021

«Хүррийет» гезити «Жогорку консультативдик кеңешинин жыйынында Париж климаттык келишими талкууланды» деген кабарында президенттиктин Жогорку консультативдик кеңешинин жыйыны кечээ президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөндүгүн жазган. Борбор шаар Анкарада президенттик комплекстеги жыйында Түркиянын Париж климаттык келишимин парламентте бекитип процесске кошулгандан кийин ортого чыга турган абалдар каралды.

«Сабах» гезити «Эрдогандан Улуттук деңиз замбирек атуу аземинде маанилүү кабар» деп жазып, президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ машина куруу жана химиялык өнөр жай тармагында мамлекеттик - жеке сектор менен кызматташтыкта ​​өндүрүлгөн «улуттук деңиз замбирегинин» сыноо атуу аземине билдирүү жөнөтүп, Түркиянын бул курал системасын чыгарган саналуу өлкөлөрдүн бири экенин айтканына токтолгон.

«Ватан» гезити «Тышкы иштер министри Чавушоглу : Крымдын мыйзам тышы аннексиясын тааныбайбыз» деген макаласында  Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ Швециянын борбор шаары Стокгольмда өткөн Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Уюму ЕККУнун тышкы иштер министрлеринин 28 -  жыйынында Крымдын мыйзам тышы аннексиясын тааныбай тургандарын баса белгилеп : «Түштүк Кавказияда туруктуу тынчтыктын түзүлүшү үчүн бир мүмкүнчүлүк терезеси бар»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Ноябрь айында экспорт рекорддук деңгээлге чыкты» деген маалыматында соода министри Мехмет Муштун кечээ берген билдирүүсүндө : «Экспортубуз ноябрь айында өткөн жылдын ноябрь айына караганда 33, 4 пайыздык өсүү менен 21, 5 миллиард долларлык деңгээлде ишке ашты. Бул көрсөткүч эң жогорку айлык экспортубуз»,- деди.

«Стар» гезити болсо «25 жылдан кийин бир алгачкы» деп билдирип, Түркия менен Ливиянын ортосунда жүргүнчү кеме каттамдарынын 25 жылдан кийин кайрадан башталгандыгын маалымдаган. Каттамдар менен жүк жана унаа ташууга да болот жана жумасына бир жолу ишке ашырылат.



Тектеш кабарлар